Шакен азган

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ:

БУЗУЛГАН ЗАМАН ОҢОЛОР БИР КҮН,

БУЗУЛУП ТУРГАН АДАМДАН САКТА

—Шаке, Кудайды карап туруп айтсак, акыркы 20-30-жылдын ичинде “Агындылардай” окулган китеп болгон жок. Анткени дал ушул чыгармаң менен сен элиңдин мурдагыдан да сүйүп-урматтаган, ого бетер жакшы көргөн жазуучусуна айландың, ошол эле убакта “Агындыга” асылып, акылынын жетишичне аны, ага кошуп сени жаманатты кылгандардын, өзүлөрү, ичиндегилери да кара, көр албас адамдардын да санын көбөйттүң. Эми элиңди дагы кубантып, тигилерди биротоло жинди кылып, “Агындыларыңды” дагы улантасыңбы, айтчы?

—“Агындылар” алты жолу басылып чыкты. Ал өз милдетин жакшы эле аткарып бүттү го деп турам. Балким, уласам кийин улармын. “Кыргыз радиосу” “Агындыларды” өзүмө окутуп жазып алган эле. Окурмандардын бир тобу ошол вариантын уккандан кийин анын аудио-китебин чыгарсакпы деп жатышат. Аны да ойлонуп көрөбүз.

—Азыр эмне жазып жатасың?

—Калыйбек Тагаев агабыз экөөбүз Үзөнгү-Кууш жөнүндө ыр жаздык. Ал обонун, мен сөзүн. Үзөнгү-Куушту Ысык-Көл менен Ат-Башынын малчылары жайлап келишпеди беле. Көл тарабын билбейт экемин, Ат-Башы жагынан барган адам ак мөңгү баскан чокуларын, баягы “Агындыларда” мен Нарын шаарынын бет маңдайын сүрөттөгөндөй жылкынын баш сөөгүнүн каңылжаарына окшогон кыпкызыл жылаңач аска-зоолорун, мөңгүдөн агып түшкөн көк кашка сууларын, чөптө жок чөбүн, гүлдө жок гүлүн, апыртып айтканда, өлгөнү калган атты бир түн кое берип туруп эртеси барсаң, ал кудай албагыр тулуптай семирип, ооздук катканды кой, жанына жакын жолотпой селтеңдеп, жакындаарың менен жамбашын сала берип чамгарак атып, куйругун чычайтып чычып жиберип, кайрылып келип өз богун өзү жыттап, жыттап алып кайра өз богунан өзү үркүп, кошкурук атып, бышкырык атып, карматпай качып калган абалга жеткизген касиеттүү чөбүн көрөт.

Эми, Бакен, кийигин сураба! Кадимки эле кой менен кой болуп, кошо жатып, кошо басып, кошо жайылып жүргөн сансыз кайберендерди көрүп оозубуз ачылган. Аркар-кулжалардын көптүгүн айтпа! Союздун күчтүү кезине кез жетеби. Бүгүн мектеби жок бир айылдын балдарын мектеби бар бир айылга ташыганга унаа таппай, жок нерсени шылтоолоп жатышпайбы. Агезде окуучуларды мындай кой, туягы жешилет деп колхоздун ак койлорун жанагы мал тарткан “скотоводдорго” салып барып Үзөңгү-Куушка “түшүрүп”, чөбүн эки ай откоздуруп алып, кайра ошол “скотовод” менен Ат-Башыга салып кетип турчу. Үзөңгү-Кууштун чөбүн койлор болгону эки ай гана отточу. Ошол эки ай эле жетер жерине жетчү. Жарыктык Үзөңгү-Куушту эки ай эле оттоп келген койлор кылт этип этинен түшпөй, былк этпей кыштан чыгуучу. Чөбүнүн күчү арпадан бир канча эсе күчтүү деп айткандарын уккам.

—Эмне себептен эки ай?

—Анткени Үзөңгү-Куушка эки айга жетип-жетпей эле кар түшүп калчу. Түшкөндө да очоюп оор түшчү. Мал кардын алдында калбасын деп адистер малчыларга эки айга гана уруксат беришчү. Бирөө кыйбас буюмуңду сурап келсе, ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп анан бересиң го. А биз буюм эмес, гектар-гектарлаган алтындай жерибизди Кытайга ит бекер кармата берип туруп калбадыкпы. Бирдеме десең тоонун аркы бетиндеги өзүбүздүн кыргыздарга кетти деп сооротушат, ошол өзүбүздүн кыргызыбыз кылкылдаган Кытайдын ээлигинде экенин, Кытайдын макулдугусуз Үзөңгү-Кууштун бир тал чөбүн үзө албастыгын айткылары келишпейт.

—Эми ошол Үзөңгү-Кууш жөнүндөгү ырды качан угабыз?

—Калыйбек агабыз, ушул жылдын октябрь айынын аягында жаңы ырларынан турган чоң концертин берсем деп тилек кылып турат. Буюрса ошондо угабыз. Бул ырды ал “атайылап Майрам Дүйшекееванын үнүнө ылайыктап жаздым, башка бир дагы ырчынын колунан келбейт” деп айтты. Дагы бир нерсесин айта кетейин, концертине Кыргыз филармониясынын залын сураса, адегенде аренда акысына 50 миң сом төгүп кой деген экен. Эй, эч жерде иштебеген, жалгыз пенсиясы менен жашаган, каралашар эчкимиси жок, андан да пенсиясынын көбүн карылык келгенден бери жабышып алып кетпей жүргөн дартына жумшап келаткан кыргыздын улуу музыкантына бир жолу аренда акы албайле бекер берип койсо филармониянын бир жери кемийби? Же жетекчилеринин никеси бузулабы? Качан  болсо филармониянын оозун тиктеп отурган министрлик банкрот болобу? Же Тагаев өңдүү улуу музыканттар бизде ошончоле көпбү? Бул эмне деген адамгерчилик? Эмне деген ыймансыздык? Акча деп жүрүп ансыз да айбийрибизден ажырап бүттүк.Мен Маданият министрлигинин акыл-эстүү адамдарынан суранып кетер элем, искусствонун Тагаевдей ишмерлерине ушундай-ушундайда артыкчылык берип, жакшылык кылып койсоңор, өзүңөрдүн канчалаган өнөр ардагерлеринин ансыз да аз калган өмүрүн бир азга болсо да узартат элеңер, Кудай да ыраазы болот эле деп.

—Ошол ырыңды окуй кетпейлиби, анда?

—Мейли анда, толугу менен окуй кетели. Майрам да жаттап алсын.

ҮЗӨҢГҮ-КУУШ МЕНЕН КОШТОШУУ

                                      Обону Калыйбек Тагаевдики,

                                      Сөзү Шайлообек Дүйшеевдики.

 Кош асыл тоом, коштошоюн эми мен,

Айрылган жан болбосун өз жеринен.

Башка жактын жери болдуң кантейин,

Баштагыдай баралбаймын эми мен.

Кошкун эми, жүрөктөрдө так калаар,

Коштошпосун мен өңдөнүп башкалар.

Меники эмес эми гүлдөр баягы,

Меники эмес бүркүт учкан аскалар.

Кайырма:

Кошкун эми, коңур жайлоом жайдарым,

Сен кетсең да кетпес менден арманым.

Эстей жүргүн силер үчүн кан төккөн,

Бир кездеги аталардын арбагын.

 

Канаты жок, кайрылалбай салтына,

Канча эл жүрөт Мекен таппай калкына.

Желе тартып өтүп жатат бул күндөр,

Жер-суубуздун жетпей койдук баркына.

Кош, асыл тоом, жайда толуп гүлдөгөн,

Чокулары жаркып турган Күн менен.

Бизден жакшы эл табарсың а балким,

Сендейди биз табалбаспыз дүйнөдөн.

 

Кайырма:

Кошкун эми, коңур жайлоом жайдарым,

Сен кетсең да кетпес менден арманым.

Эстей жүргүн силер үчүн кан төккөн,

Бир кездеги аталардын арбагын.

—Мен эми сөзүмдү башка жакка бурайын Шаке, ушул эле гезитке “Агындыларды” окугандан кийинки студенттердин ойлорун жарыялабадыкпы? Алардын жазгандарын окуп олтуруп бир чети бүгүнкү жаштардын жакшы өсүп келатканына кубансам, бир чети ушу кезде Кыргызстанда кылмыш кылып жаткандардын дээрлик басымдуу бөлүгүн айылдык жаштар түзөрүн көрүп жаным сыздады. Айыл деген кылмыштын эмес, абийир менен ыймандын башаты эле го? Ошондо Кундуз Таштаналиева карындашыбыздын өзүнүн мыкты обонуна салып ырдап жүргөн сенин “Сакта” деген ырыңды эстедим.

Каректи жапкан тумандан сакта,

Каргышы тийчү курандан сакта.

Каргадай кезден койнуңда жүрүп,

Как түштө чаккан жыландан сакта.

 

Кайырдил жандын сообунан сакта,

Калпычы хандын жообунан сакта.

Баарыдан дагы бирөөнүн жалгыз,

Баласын баскан оорудан сакта.

 

Тешикке күлгөн жыртыктан сакта,

Тентекке тийген мылтыктан сакта.

Ажалын коштоп, асманын таштап,

Айттырбай келчү кырсыктан сакта.

 

Жазасыз калган жалаадан сакта,

Жамгырсыз калган талаадан сакта.

Жаш төгүп боздоп, жалгызын жоктоп,

Жар бойлоп калган санаадан сакта.

 

Булутсуз соккон шамалдан сакта.

Бул дүйнө бизди жамандан сакта.

Бузулган заман оңолоор бир күн,

Бузулуп турган адамдан сакта.

 

Жыланды баккан уядан сакта,

Жыгылып кетчү кыядан сакта.

Саңырсып улам жабышып бутка,

Сасыган ушак— чыладан сакта.

 

Калыс сөз айтпас чалдардан сакта,

Каткырып турган жалгандан сакта.

Карыган кезде кашайтып көздү,

Карабай кеткен балдардан сакта.

 

Көөдөнсүз жандын көзүнөн сакта,

Көралбас жандын сөзүнөн сакта.

Көрүнө эчким апкеткен эмес,

Көр дүйнө бизди өзүңөн сакта.

 

Оту жок калган үйлөрдөн сакта,

Оору эмес, соо эмес күндөрдөн сакта.

Жөлөнөр кезде жөлөгү тийбей,

Жөн эле жашап жүргөндөн сакта.

 

Жетимди жеген убалдан сакта,

Жетелеп кетчү дубаңдан сакта.

Жергелүү элин жеп алып бир күн,

Жер муштап калган кудайдан сакта.

 

Теңир калк элек тегимди сакта,

Тебелеп саткан жеримди сакта.

Телиген кушу тескери учуп,

Теңселип турган элимди сакта.

 

Куу казан калган очоктон сакта,

Кубалап баскан кошоктон сакта.

Кул боло турган эл эмес элек,

Кудурет бизди тозоктон сакта.

 

Кызыл дан берсең кырманын сакта,

Кыргыздын кымбат ырларын сакта.

Кылымдын жолу кылтылдап турат,

Кыз-уулду берсең ыйманын сакта!

 

Ушул ырыңдын ар бир сабы кыргыз баласына жеткейле деп тилеп келем.

—Баратбай, жакында эле маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, өзү да адамдын жакшысы Мелис Шаршенбаев менен сүйлөшүп олтурсам, “жазуучулар деген менин жазгандарымды окуп алып эле эл оңолуп жатат, окуп алып эле эл тарбияланып жатат” деп ойлой берген апенди чалыш эл болот эмеспи” деп атпайбы. Анысы да туура. Жазуучулар эле эмес, көркөм өнөр адамдарынын баары эле ошентип ойлойт болуш керек. Мага бир ирет эч качан ойго келбей турган, теңирден тескери суроо берген киши болгон. Элдин арасынан, жакшынакай эле кийинген бир жигит, уялбай-этпей туруп эле:

—Сиз, жаңкы энелерин бакпай, карылар үйлөрүнө таштап кетип жаткандар жөнүндө ырды эмне үчүн жаздыңыз? Ошол ырды жазбаганда карылар үйү мынчалык көбөйбөйт эле. Так сиздин ырдан кийин энелерин таштагандар көбөйдү,—деп доомат койду.

Мен адегенде эмне дээримди билбей туруп калдым. Анан мындай деп жооп бердим. “Ооба, “Эсиңе кел?” деген бул ыр алгач агездеги “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланган, андан кийин таланттуу актер Сүйүнтбек Бийназаров, андан кийин ырды мыкты окуган Райымжан Курбанов, анан мектеп окуучулары менен студенттер сахнага окуп чыгып турган. Ошондон көп өтпөй эле ырды “басып” салышты. Мага эч кандай куугунтук да болгон жок, бирок ырды чыгартпай коюшту. Радиодон, телеканалдардан кетиртишпеди. Бир кызыгы Раимжан Курбановду атайылап чакыртып барып, айрым бир жыйындарда окутуп турушту, бирок аны радиодон уктурарда же теле канлдан кетирерде кесип салып жатышты. Ошентип эч жерден чыгартышкан жок. Бул көрүнүш Акаев менен Бакиев доорунда,  дээрлик 20 жылга жакын мезгилге чейин созулган. Ал эми кары-картаңдар үйлөрү дал ушул эки президенттин маалында көбөйгөн. Мен ал ырды сиз ойлогондой карылар үйү көбөйсүн деген  тилек менен жазган эмесмин, тескерисинче кыргызда ата-энесин бакпай кеткен таш боор балдар жок болсун деп жазгам. Карылар үйү так ушул ырымдан кийин көбөйөрүн билсем жазат белем? Эгер бул ырды радио менен телеканалдардан үзбөй кетиртип турганда балким сиз айткан карылар үйү жок дегенде мынчалык көбөйбөйт болчу,-деп жооп бердим.

Акын деген Падыша эмес, журттун туусун ыргаган,

акмактарын теске салып, акылманын сыйлаган.

Акын деген абалтадан ашы көптү ырдабай,

акмагы көп өз элинин азап-муңун ырдаган,-деп жазган элем.

Эгер падышалар эл-журтту бузуп, иритип-чиритип жаткан акмактарын тизеге чаап, мамлекетти талап-тоноп келаткан паракор, ач көз адамдарын кызматтан кызматка коюп, жөлөп-таягандын ордуна, акылдуу, акниет адамдарын сыйлап турса сен экөөбүз ушинтип сүйлөп турбайт элек  да. Жер титирерин биринчилерден болуп жер астындагы чычкандар сезип, кыямат баштала электе эле дүрбөп, сыртка чыга качышат дегенди окуп жүрбөйбүзбү. Демек, биз—журналисттер, деги эле чыгармачыл адамдар эл ичин бөлүп-жарып, бузуп жаткан акмакчылыктарды биринчилерден болуп сезип, биринчилерден болуп жазып, ушуларды эл башындагылар жардамчыларынын оозу аркылуу эмес, өз кулагы менен угуп, өз көзү менен көрсө экен деп коңгуроо кагып келатпайбызбы. Бирок уккан жан барбы?

Акча Кудайга айланганда Жер үстүндөгү бардык Ыйман-Ырысты, бардык Жакшылыкты чакчелекей түшүрүп, бузат турбайбы. Биз кээде Бишкек шаарын таштандыдан арылта албай чуу түшүп жатып калабыз. Бишкек эле эмес, бүгүн бүтүндөй Жер үстүн ыпластык басып турат го. Сырткы таштандыны мындай кой, азыркы күндө адамдын ичиндеги “таштандыны” тазалоо биринчи проблемага айланды. Асман көзүбүзгө көрүнүп турат, бирок ал—алыс, аябай алыс. Кудай болсо көзгө көрүнбөйт, демек Кудай андан да алыс. Кээде ойлойм, балким Асманга окшоп Кудай көүбүзгө көрүнүп турганда адамдардын ичиндеги ыпластык мынчалык болбос беле, балким таптакыр жок болот беле деп. Анткени Жер үстүндөгү Ыпластык менен Жамандыктын баарын Кудайга көрсөтпөй Асман жаап-жашырып жатпасын деген балалык ой да келе түшүп, жок болот. Акчага кулдук уруп, Акча менен Бийликке кул болгонду токтотуп, Акчаны Элдин, Акчаны Мамлекеттин кулуна айлантмайын бизди акыры акча жеп тынат. Акчасы ашып-ташкан өлкөлөр кул кылып, чүлүктөп туруп жетелеп алары алыс эмес. Анткени оңолоюн деген өлкөнүн адамдары акчага мынчалык кул болбош керек эле. Карачы, азыр эмне болуп жатат? Акча жасагандардын ар кими эле кутуруп, кичинекей Кудайларга айланып жатпайбы.

Мамлекет деген элинин байы, бийи, манабы, кожоюну эмес, муңдашы, сырдашы болуш керек. Ичиндеги ишенер тиреги, тышындагы таянар тоосу болуш керек. Мамлекети таябаган, жөлөбөгөн элдин ындыны өчүп, басылып, чачылып олтуруп кулга айланат. Кул болгон элдин калкы өздөрүнүн байына, бийине, манабына кул болсо, кул болгон элдин байы, бийи, манабы башка элдердин байы, бийи, манабына барып кул болот.

—Биздин алакандай жерибиз күн өткөн сайын миссионерлер менен миң түркүн секталардын желесине чырмалып, чырмалмак турсун толуп баратпайбы. Кыргызстанда ушу кезде 200дөн ашуун диний агымдар иш жүргүзүп жатканын окуганым бар? Дүйнөдөгү бүтүп да, бүтпөй да келаткан согуштардын көбү дин талаштан чыкканын эстесек, эртеңки күндөр бизге эмне деген азап-тозокторду тартуу кыла турганын элестетүү кыйын эмес. Жер үстүндө дин деген аттын өзү тарала электен мурда жаралган Кыргыз Атанын урпактары бүгүн түрдүү диндердин аягына жүгүнүп, этегине кире баштабадыбы. Буга жообуң?

—Баратбай өткөндөрдүн тарыхы бизде да кайталанууда. 1580-жылдары Португалдыктар менен Испандыктар Жапон элин багындырыш үчүн “жумшак” жүрүш баштаптыр. Алар эчким  элес албагандай кылып, адегенде Жапон өлкөсүнө соода менен динди алып кириптир. 1587-жылы “Сан-Фелипе” деген испан корблинин лоцманы Жапон портуна бут коеру менен дардаңдап: “Испан королунун ээлиги Батыш менен Чыгышка кулач жайып, барган сайын кеңип  баратат!” деп мактанат. Андан:

—Испания ушунчалык аймакка кантип ээ болуп жатат?—деп сурашат. Лоцман:

—Алгач миссионерлер, андан кийин королдун аскерлери келишет,—деп жооп берет.

Муну Жапониянын атайын кызматындагылар дароо Жапон бийлигинин башчысы Хидзесиге жеткирет. Хидзеси христиандардын жапон элинин салт-санаасын талкалап, аларды өз Кудайынан ажыратууну көздөп, чоочун динди жайылтууга келген иезуит-священниктерин Жапон жеринен 20 күндүн ичинде чыгып кетпесе өлүм жазасына тартыла тургандыгын эскерткен жарлыгын чыгарат. Баягы жылма саясат менен келген миссионерлер жарлык чыгары менен кандай келсе так ошондой жок болушат. Жапон өлкө башчысы андан кийин өз каада-салтын, динин чанып, христианчылыкка кирип кеткен 40 миңге жакын жапон саткындарын даргага астыртып, жапон элинин салт-санаасынан, нарк-насилинен, маданиятынан, бир эл катары карманып келаткан биримдиги менен ишениминен ажырата турган  бөлөк-бөтөн секталардан элин сактап калган эрдикти ушинтип жасаган. Муну биздин чоңдор билет болду бекен?

Мен Улуу адамдардын динге байланыштуу айрым бир насааттарын дептериме көчүрө жүрчү элем, ошолордон мисалга тарта кетейинчи.

*  *  *

—Адамды Кудай алгач таптаза кылып жаратат, анан акырындап барып аталары—Иуда, Хиристиан, Мусулман же Каапыр кылып бөлүп салышат,—деген экен Чыгыштын кеменгер акыны МУСЛИХИДДИН  СААДИ.

*  *  *

—Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө?—деп айтыптыр дүйнөгө ислам динин тараткан АРАБДАРДЫН өздөрү.

*  *  *

—Мечиттеги мышык Кудайдан коркпойт,—деген экен улуу ИНДИЯ.

*  *  *

—Карышкырга шарият айтсаң, койлордун жайытын сурайт,— деген экен КӨКЖАЛ ТҮРК эли.

*  *  *

 —Кээ бир ырларыңды окуп олтуруп сенде төгүп жибермей өнөр жокпу деп сурайын деп эле эсимден чыгып кетип жүрдү эле, ушуга жооп берчи?

— Бир окуяны эскере кетейин. Мен ал жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Нуралы Капаров башкы редактор. Бир күнү ал:

-Гезитке Байдылда Сарногоевдин жаңы ырларын берели, өзү менен интервью жаса, Шаке?—деп мага тапшырма берди. Телефон чалсам, Байдыкем, “жаңы жазгандарым жок эле” деди.

Мен акындан сөз чыгарыш үчүн, ага дейре даярдап алган даяр куплетимди телефондон:

 —Сүйүнтүп турган өзү эле,

Сүйүүгө толгон көчө эле.

Сүйлөшүп басчу сиз жоктон,

Сүрмө топ болгон Ош базар,

Сүйкүмсүз экен өтө эле,-десем эле Байдыкем дароо эле:

—Баягыл эмес, ал жайым,

Балдакчан болуп алгамын.

Баталеон тарап жок болуп,

Базарга барбай калгамын,—деди, мен:

 

—Чот каккан менен жашыңыз,

Чокудан бийик башыңыз.

Чоо-жайды сурап койбогон,

Чоңдорго жокпу датыңыз?- дедим. Байдыкем:

 

—Чоңдор да ачка, тойсунчу,

Чоң кесип, чоң жеп, оңсунчу.

Чокою жартык а көрө,

Чоң Кыргыз аман болсунчу,—деди. Бул алым сабагыбыз гезитке жарыяланды.

*  *  *

Кийин Байдылда Сарнгоев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп калды. Басма беттеринде талкуу башталды. Мен да катышып, агезде иштеп жаткан өзүмүн “Асаба” гезитиме:

—Баалачу калыс, токтогун,

Башкага аны  кошпогун.

Бакеме сыйлык бербесең,

Басылып жаткан жеринен

Бакырып чыгат Токтогул!

 

Өйдө жак, бир аз токтогун,

Өзгөгө аны кошпогун.

Өкүмөт сыйлык бербесе,

Өлгөндө жаткан көрүнөн

Өкүрүп чыгат Токтогул!,-

деп жазып, жарыялап жибердим. Ыр чыгары менен Байдыкем мага телефон чалып, аябай кубанып, ыраазылыгын билдирди. Көп өтпөй чын эле Байдыкеге Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Мен телефон аркылуу куттуктадым:

—Кол тийбей жүрөт барганга,

Комдонуп байке таң калба.

Колдоңдоп жетип барамын,

Колума тыйын алганда.

Жакаңда сыйлык, кут колдой,

Жабылып турат журт колдой.

Жакында жетип барамын,

Жата тур байке, бук болбой?—десем, Байдыкем:

 

—Бук болгон кезде көңүлүм,

Бир боорум тоолук элди эстейм.

Булуттар жуушап суу ичкен,

Булагы кымыз төрдү эстейм.

 

Бук болгон кезде көңүлүм,

Доктурга барбайм бекер мен.

Бутума күчтүү дары жок,

Бууданым алтын Мекенден!—деген эле кайран акын.

      Уландысы кийинки санда

Маектешкен Баратбай АРАКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here