-Самат мырза, эки – үч күндөн кийин Кочкор жергесинде Сагымбай атабыздын  150 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Сиз “Манас” дүйнөсүн, манасчыларды тереңден түшүнүп, колдоого алып келаткан адамдардын бирисиз. Ушул багытта баарлашсак…

— Сагымбай Орозбаковдун мындай даталуу мааракесин сөз жок өткөрүшүбүз зарыл. Мамлекет дагы, мамлекеттин өзөгүн түзүп турган эл дагы бул маселеге түздөн- түз милдеттү. Анткени биз Сагымбай, Саякбай аталарыбыздын бизге калтырган  “Манасы” менен улуу,  тамыры терең тарыхыбыз менен бай эл болуп жатпайбызбы. Бирок биз “Манасты”, алп  манасчыларды өз деңгээлинде барктай алдыкпы?  Бул жагы башка маселе… Мен эми бизден башка эде Манас кандай бааланып жаткандыгына бир токтолоюн.

Адыл Жумат уулу деген кытайлык кыргыз Манас жөнүндө илимий эмгек жазып, докторлугун жактаган. Өткөндө жолугуп калдым. Анын айтканына караганда, Кытай мамлекети быйыл  ШКУнун алкагында Манас операсын даярдашпадыбы. Баарыбыз көрдүк, ал опера укмуш болду. Ошол операга кытайлар биздин сом менен эсептегенде 110 млн сом сарпташкан экен.  Эмне деген акча?!  Бир эл Манас операсына ушунча каражатты кетиришүүдө. Ал эми биздин өлкөнүн бюджети  жука болуп жаткандыгына байланыштуу мындай чоң иштерди аткара албай жатабыз. Албетте, мүмкүнчүлүккө жараша аракеттер болуп жатат. Бирок азырынча жетишсиз десек болот. “Манасты” даңазалоо иштерин күчөтүшүбүз зарыл.

-Сиз “Саякбай” фондусунун башында туруп, Саякбай Каралаевди чыныда абдан мыкты деңгээлде даңазалап жатасыз. Бирок Саякбайбдын устатты Сагымбай болгонун эске алганда, сиз жетктеген фонд Сагымбайды да даңазалап, ал тууралуу алгылыктуу иштерди аткарыш керек деген ой туулат. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Туура айтасыз. Бул маселенин үстүндө аздыр-көптүр болсо да иштерди жүргүзүп жатабыз. Анткени, биздин фонд Саякбай атабыздын ысымын алып жүргөнү менен,  кыргыздын баардык кыйын манасчыларын колдоого алып, аларды даңазоолону  башынан баштап эле максат кылганбыз.  Маселен,  Манас ааламын таанытуу багытында КТРКда көптөн бери “Манас таануу” интелектуалдык көрсөтүүсү менен тыгыз байланыштуу иштеп жатабыз. Бул чоӊ масштабдагы долбоор. Муну ар бир райондо өткөргөнү аракет жасадык. КТРКнын жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркасында жакшы деӊгээлге көтөрүлө алды. Ушул долбоордун республикалык таймашында Билим берүү жана илим министри бул жолу  биринчи жолу жакшы колдоо көрсөттү.  Чынында бул долбоордун арты менен биздин гана балдар эмес, башка улуттун балдары да Манаска кызыгып айта баштады да. Бул да жакшы жышаан эмей эмине?!

Мындан тышкары  “7 күн, 7 түн Манас айтуу” долбоорун ар жылы уюштуруудабыз. Быйыл Бишкек менен Ош шаарларында Сагынбай Орозбаков атабыздын 150 жылдыгына арнап өткөрдүк. Эми октябрь айында Карга акенин 300 жылдыгына да арнап, өткөрөлү деп утрабыз. Бул иштерден тышкары, Жылдыз Орозобекова деген манас таануучу эжекебиз жазган “Манас” эпосунун бардык варианттарын бириктирип,  Сагымбай атабыздын 150 жылдык мааракесине арнап  кара сөз түрүндө китеп кылып чыгардык. Буйруса, абдан жакшы китеп болуптур деп окугандар ыраазы болуп жатышат.

Сиздердин фонд Эрнест Абдыжапаров тарктан “Саякбай” тасмасын каржылады. Кино жакшы чыкты, дүйнөлүк сыйлыктарды алып жатат. Эми алдыда Сагымбай Орозбаков туурасында кино жаратуу макстыңар бар чыгаар…

— “Саякбай” тасмасы биз үчүн, жалпы эле элибиз үчүн чоң ийгиликтерди алып келип жатат. Жакында эле Казань шаарындагы кинофестивалдын ачылышында биздин тасманы көрсөттү. Мен өзүм Кытай алып барып, ал жактагы абройлуу фестивальда көрсөтүп келдим. Дагы башка фестивалдарга жөнөтүп жатабыз.  Ал эми сиз айткандай Сагымбай атабыз тууралуу жакшы тасма жаратуу көкүрөгүбүздө турат. Деги эле Сагымбай атабыз, Саякбай атабыз тууралуу бирден эле кино тратылып калбай, жок дегенде 5-6дан мыкты кино тартылса,  ал тасмалар элибизге руханий азык болуп  калмак. Кудай буйруса, бул маселе боюнча шартыбызга жараша,  колубуздан келген аракеттерибизди жасайбыз.

Кино  маселесинен тышкары Манас жөнүндө балдар үчүн комикс чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Азыр биз “Карагул ботом”  сыяктуу элдик чыгарманы 3 – D форматында  балдар үчүн мультфильм тартуу ишин колго алып, баштаганбыз. Бул абдан чоң долбоор экен. Бир топ кыйынчылыктарга  туш болуп жатабыз. Буйруса, кыйынчылыктарды жеңип, татынакай кылып ишке ашырабыз.

-Сиздерден Сагымбай манасчынын урпактары жардам сурап кайрылып жаткандыр?

— Сагынбай атабыздын урпактары да өзүнчө Сагымбай атанын атындагы фонд түзүшкөн. Фондун ишин жакшыртып кетиш үчүн баягы эле каражат маселесине барып такалат эмеспи. Андыктан биз ал фондго колубуздан келишинче жардам беребиз. Буйруса, алдыда биргелешип жакшы долбоорлорду алып чыгабыз деген жакшы ой бар. Айтор, мындан ары бири-бирибизге жөлөк-таяк болобуз деген ойдомун. Өткөн жылы биздин фонд алп манасчынын мааракесин эске алып Кочкордогу Сагымбай атабыздын айлына барып, кан чыгарып, күмбөзүнө куран окутуп, манасчылардын сынагы өткөрүп келгенбиз. Ал айылда Сагымбай атабыздын өзүнүн келинин жашайт экен. 90 жашка чыгып, таяк менен басып калса да кадимкидей иш-чарага катышып, жакшы сөзүн айтып жүрдү. Биз ал апага абдан ыраазы болдук. Алп манасчынын урпактарына өзүбүздүн чыгарган китеп ж.б. белектерибизди берип, баталарын алдык десем болот.

Негизинен “Саякбай” фондун өзүбүз каржылап жатабыз. Бирок Манаска кайдыгер карабагандар да айрым учурларда демөөрчүлүк кылып жатышат. Ушул сыяктуу эле кыргыздын чыгаандары Сагымбай атабыздын атындагы фондду моралдык, материалдык жактан колдоого алынарына ишеним чоң. Сагымбай атабыздын алдыда Кочкор жергесинде боло турган мааракеси мыкты деңгээлде өтсүн! Ушул мааркени уюштуруп жаткан өкмөткө, Кочкор коомуна, жалпы эле Манасты даңктаган элибизге ыраазычылык билдеребиз. Сиздер журналисттер дагы Манасты, Сагымбай, Саякбай ж.б. манасчыларды даңазоолоого чоң салым кошуп жатасыздар. Сиздердин да түйшүктүү ишиңерге ийгилик каалайбыз!

Маектешкен Айбек Шамшыкеев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here