-Улуу манасчы Сагымбай атабыздын ысымын сыймык менен айтабыз да. Бала кезден тартып манасты көп окудук. Ал тургай мен манас айтып чоӊойгон баламын десем болот. Союз учурунда биздин улуу инсандар атайын башында туруп атайын редакциялашып Сагымбай менен Саякбайдын вариантын бириктирип туруп, бир китеп чыгарышкан. Мына ошол китеп да элге көп тарады. Мага Сагымбай Орозбаков айткан манастын вариантынын өзгөчөлүгү –абдан жогорку деӊгээлде болгондугу менен жагат. Ал айтып кеткен Манас чынында көркөм сөзгө жык толгон. Бир, эки мисал келтирели. Эпосто Манас менен Коӊурбайдын сайышкан жери бар эмеспи, мына ошол бөлүктө Манас Коӊурбайдын “Алгарасын” албай койгон жерин башка манасчылар супсак эле айтып коюшкан. Ал эми Орозбаковдун вариантында мына ушул бөлүгү укмуш айтылган. Айкөл Манас айкөлдүгүнө салып, “Алгараны” албай койгондо, Алмамбеттин: “Алгараны эмнеге албай койдуӊ, эми бул ушул ат менен сенин түбүӊө жетет” – деген сыяктуу укмуштай кейип-кепчиген жери мыкты сүрөттөлгөн. Деги эле Сагымбай атабыздын манасын окуганда жан дүйнөӊ козголот да. Сагымбай атабыздын манасындагы саптарында кыргыздын укмуштай сөздөрү бир, эки сөз менен батырып айтылган. Жан дүйнө менен тыӊшап угалычы: “Эрдин кашы, эт жүрөктүн башы”. Мына ушул сөзгө эле канча деген ой батырылган. Же: “Алдыда жүрсө ак жолтой, артта жүрсө сан колдой”, же дагы бир: “Ээрден көчүк кылтайып, үзөӊгүдөн бут тайып” деген сөздү айталы. Караӊызчы, эмне деген сөздөр? Жан дүйнөнү козгогон, адабияттагы эӊ мыкты, эӊ жогорку үлгүдөгү сөздөр да. Манасчыларыбыз мына ушундай укмуштай сөздөрдү канча деген жылдар бою Кудайдын жардамы менен изилдеп, иликтеп, анан баарын чогултуп айтып, бизге ыйык мурас катары калтырып кетишти да. Сагымбай атабыздын вариантында чыгарманын түйүндү жерлерин укмуштай ачып берген жерлери абдан көп. Бирок Сагымбайды, анын “Манасын” деги эле Манастын дүйнөсүн даӊазалоо иш-чарасын өз деӊгээлинде жүргүзө албай жатканыбызды моюнга алалы. Жаштар Манаска көп деле кызыкпайт. Маараке же башка иш-чара өткөрсөк эски формада өткөрөбүз. Мына сиз мага: “Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына өкмөт жалпысынан 10 миллион сом бөлгөн экен. Макул ошол акчанын 4 миллиону манасчы атабыздын Кочкордогу күмбөзүн салууга сарпталыптыр. Калганы элге анча байкалбаган иш-чарага кетти — деп кейип жатасыз.

— Бул боюнча да бир топ сөздөр да болуп жатат…

— Эми мен өз оюмду айтайын. Манасты жаӊыча ыкма менен элге, айрыкча жаштарга көбүрөөк жеткирүүнүн жолу тандалса абдан жакшы болмок. Маселен, ошол 10 миллион сомдун 1 миллион сомун кыргыздын Актан, Темир, Эрнест сыяктуу кыйын 5 режиссёрун чакырып: “Мына сага 200 миӊ сомдон. Ушул акчага Сагымбай тууралуу, Манас тууралуу 1-2 мүнөттүк 4-5 тен ролик тарткыла. Жетпей калса, өзүӊөр да Манас үчүн күч жумшап, салым кылгыла. Сагымбайдын улуулугуна таазим кылганыӊар ушул болсун” десе, режиссёрлор туура кабылмак да, бүт дити менен мыкты роликтерди тартышмак. 5 режиссёр миллион сомго ары тартып, бери тартып олтуруп 15тей ролик тартса, анын ичинен жок дегенде бешөө абдан мыкты чыкмак. Ошол 5 ролик элге тарамак, жаштарды ойготмок. Миллиондогон эл көрмөк. Себеби, азыр эмненин заманы, интернеттин, смартфондун заманы болуп калбадыбы. Жаштар окубайт дейбиз. Ооба, китеп сатып алышпай, смартфондон окуп жатышпайбы. Баарыбыз эле, карыбыз да, жашыбыз да телефон чукулап олтуруп калбадыкбы. Мына ошол дүйнөлүк интернет ааламына Сагымбайыбызды, анын “Манасын” кыска роликтер менен киргизип жиберсек, алда канча натыйжалуу иш болмок. Ошондой эле, жанагы кыска тамаша менен элди тартып жаткан балдардын талантын да “Манасты” даӊазалоого пайдалансак элге көбүрөөк жеткени турат. Балким алар хулигандык тамашасы менен жинибизди келтирген укмуштай жаӊыча ойду беришер. Ошондой болсо да, алар Манасты элдин жүрөгүнө уютканга аракет кылышмак. Мындан ары эски формаларга басым жасабай, ушундай жаӊы формага басып жасашыбыз зарыл.

— Буга чейин Манасты көркөм-тарыхый кино кылып тартуу маселесин козгодуңуз эле…

— Ооба, биз бир канча убакыттан бери “Манасты” тарыхый көркөм кино кылып тарталы деген изги тилегибизди айтып жатабыз. Бирок МАНАСты тартыш үчүн абдан чоӊ каражат, абдан чоӊ күч керек. Бизде азырынча анчалык каражат жок. Бирок ушул максатыбызга да каршы пикирин айткандар четтен чыгып жатпайбы. “Манас деген мындай болгон, Манас деген тигиндей болгон” – дешип ар кайсы сөздү айтышып. Мейли айта беришсин. Бирок Манас тууралуу айткандан мурун Манас дүйнөсүн жакшылап окушпайбы. Манастын бир эмес, Улуттук академияда 12 варианты сакталып турат. Бирөөндө баатыр Манас, дагы бирөөндө мусулман Манас, дагы бирөөндө башкача айтылат. Манасчылар чыгармачылык көз карашына карата Манасты жаратып келишкен да. Коркконубуздан биз “Манасты” тарта албай жатабыз. Манас ыйык, Манас улуу, Манас алп, аны башка формага салганга болбойт деп олтурабыз. Эртеӊ Манасты Кытай өз көз карашы менен тартып, дүйнөгө таратып жиберсе эмне болот?

— Сагымбай тууралуу да көркөм тасма тартуу маселеси бышып жетилди го…

— Туура, улуу манасчылардын да образын кинодо бийик деӊгээлде тартуу иши да колго алынышы керек. Мына “Саякбай” фондунун демилгеси менен Эрнест Абдыжапаров “Саякбай” тасмасын тартты. Ал эми Манасты Манас кылып биздин күнгө жеткирген Сагымбай тууралуу мыкты кино тартуудан мурун, алгач алп манасчы тууралуу мыкты чыгарма жазылышы керек. Ошол чыгармага таянып, анан мыкты тасма тартса болот. Мисалы, Төлөгөн Касымбеков Курманжан датка тууралуу мыкты чыгарма жазып кеткен. Биз ал чыгармага таянып, мыкты тасма тарттык. Айтор бул маселе абдан чоң дүйнө да…

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here