Заманыбыздын залкар манасчы Сагынбай Орозбаковго “Манас” дүйнөсүн бизге мурас кылып калтырып кеткенине канча таазим кылсак да аздык болоор. Мамалекет тарабынан бул тоголок мааракени кандай  деңгээлде өткөргөнү, ал мааракеге мамлекеттик бюджеттен канча каражат корогону башка кеп. Ал боюнча кийин   кененирээк кеп кылабыз. Айталы дегенибиз, эми 150 жылдык маараке  улуу манасчынын кичи мекени кар жатпас кара Кочкордо  сентябрь айынын этегинде чоң деңгээлде белгиленгени турат. Бул мааракени өткөрүүгө Кочкордун күркүлдөрү бир топ акча чогултуп жатканын эшиттик. Манасчынын мааракесинин урматына : Ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, көк-бөрү, күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп жатат. Мындан тышкары, мааракенин көркүнө   маданий иш-чаралар көрк бермекчи.  Ошондой эле манасчылардын республикалык манас сынагы өткөрүлмөкчү. Баш байгелерге  бир нече жеңил автоунаалар  жана акчалай сыйлыктар коюлган. Андыктан, атагы таш жарган саяпкерлер, улакчылар, манасчылар  улуу манасчынын чоң мааракесине чогууңар менен даярдык көрүп, мөөрөй  талашкыла. Маараке тууралуу кенен маалыматтарды гезитин кийинки сандарында да берип турмакчыбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here