Дарыгерлер мындан 10-20 жыл мурун тукумсуздук оорусу менен көбүнчө аялдар жабыркап келгенин, бирок акыркы жылдары эркектер арасында да тукумсуздук оорусу кеңири жайылганын белгилешет. Адатта тукумсуздуктун себебин дарыгерлер начар экологиялык абал жана химикатталган тамак-аштардын кескин түрдө көбөйүшү менен түшүндүрүшөт. Айрыкча Кыргызстандын түштүгүндөгү облустарда насвай чеккенден улам эректер тукумсуздукка кабылган учурлар болгонун айтышты.


Сейитказынын үйлөнгөнүнө бир нече жыл болгон. Убакыт өткөн сайын бел суусу бат түшө баштаган. Акыркы 1 жыл ичинде анын бел суусу абдан бат түшүп, мунун себебин жыныстык органына суук тийүү деп ойлгон. Убакыттын өтүшү менен ушундай абал кайталана бергенинен досторунан жардам сурап, ал эми достору Ош облустук адам репродукциясы борборун сунушташкан.

«Бул жакка келгенден кийин баары маалым болду. Дарыгерлер насвай чеккенимден улам бел суунун бат түшүп калуусу мүмкүн деген тыянак айтышты. Чындыгында эле мен 2 жылдан бери насвай чегем. Насвайды күнүнө 5-6 жолудан колдоном», — деди Сейитказы.

Дарыгерлер акыркы учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү облустардагы жарандар насвай же чылым чеккенден улам урологиялык ооруларга көп кабылышып, борборго кайрылып жатышканын айтып келишет. Насвай же чылым чеккендер тукумсуздук оорусуна гана кабылбастан, жыныстык алсыздыкка да кабылышат. Чылым же ушуга окшогон курамында химиялык зыяндуу заттар көп кошулган татымалдар өзгөчө өткөөл курактагы балдардын секске болгон кызуугусун төмөндөтүшү мүмкүн экенин Ош облустук адам репродукциясы борборунун директорунун орун басары жана уролог-андролог Абдирашит Акынбеков мындайча түшүндүрдү.

«Азыркы убакта экологиянын бузулушу, тамак-аштын сапатынын начарлашы, техникалардын көптүгү — баары чогулуп адам репродукциясынын саламаттыгынын начарлашына алып келүүдө. Мындан сырткары дагы көйгөйлүү маселе — тамеки жана насвай тартуу өспүрүмдөр арасында модага айланып калды. Айрыкча насвай тартуу өзгөчө модага айланып бараткандай. Бүгүн мага кайрылган 10 адамдын ичинен бешөө насвай чеккендер болуп чыкты. Ошол насвайдын таасиринен эркектердин уругунун сапаты начар болууда. Эгер бала өспүрүм убагында насвай же чылым тартып баштаса үйлөнүү курагына жеткенде анын уруктугунун деңгээли өтө төмөн болууда. Маселен насвайдын курамында организмге зыянду 100гө жакын химиялык элементтер бар. Анын ичинен 10гө жакыны — марганец, метанол, камний, мышьяк сыяктуулар. Насвай колдонгон адамдын уруктугунун 90-95 пайызы жабыркайт. Жабыркаган уруктукту аялдын жатыны да кабыл албайт», — деди А.Акынбаев.

Мындан 10-20 жыл мурун тукумсуздук оорусуна аялдар кабылышса, акыркы жылдары бул жаатта эркектер менен аялдардын саны теңелген. Тактап айтканда, тукумсуздукка кабылып, ооруканага кайрылган 100 адамдын теңин эркектер түзүп калган. Мурун тукумсуздук оорусу менен ооруган эркектер ооруканаларга такыр эле кайрылбастан, айыпты аялдарынан гана издешкен. Бирок текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эркектерде да бул оору болору аныкталды.

Бүгүнкү күндө тукумсуздук оорусу үй-бүлөнүн башкы көйгөйү болуп, аял-эркек экөө тең ооруканага кайрылып жатканын «Нике жана үй-бүлө» бөлүмүнүн башчысы Ыкыбал Таштанова айтып берди.

«1990-жылга чейин тукумсуздукка жалаң гана аялдар дуушар болушкан. Мисалы, 100 үй-бүлө кайрылса анын ичинен 98 үй-бүлөдө тукумсуздук аялдарында болуп, 1-2 гана учурда эркектерден билинген. Акыркы учурларда ушул көрсөткүч кескин түрдө өзгөрүп, тукумсуздук оорусу менен кайрылган 100 адамдын тең жарымын эркектер түзүп калды», — деди Ы.Таштанова.

Аталган борборго кайрылгандардын бири Жумагүл жолдошу менен турмуш курганына 5 жыл болгон. Буга карабастан жубайлар балалуу боло элек. Ал мунун себебин өзүнүн жыныстык органында айрым өзгөрүүлөрдөн улам деп ойлойт. Ага карабастан ал ооруканага жолдошун кошо ала келген.

«Жолдошум менен жашаганыбызга 5 жыл болду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин балалуу болбой келебиз. Мунун себебин мен өзүмдөн эле көрүп жатам. Анткени менде киста бар. Мурун мен кистамды эки жолу операция жолу менен алдыргам. Буга карабастан айыкпай келем. Ошондой болсо да дарыгерлердин айтуусу менен ооруканага жолдошумду кошо ала келдим», — деди Жумагүл.

Аялдардын тукумсуздукка кабылышына дарыгерлер бир нече мисалдарды келтиришет. Ыкыбал Таштанова ошол себептерге токтолду.

«Тукумсуздуктун биринчи себеби экологиянын бузулушунан улам деп айтат элем. Ошондой эле аялдарда эндокриндик оорулар көп. Анын катарына богок, кант диабетин кошсок болот. Гормондук өзгөрүүлөрдөн улам болот. Азыркы учурда жатыны өспөй калган, кээ бир учурда жатыны жок аялдар келет. Мунун себеби экологиянын бузулушунда же бала боюнда бар кезде энеси ооруганда.

Экинчиден, жатын түтүкчөлөрү, жатын бездери сезгенип калып, убагында дарыланбай, тукумсуздук оорусу келип чыгат», — деди Ы.Таштанова.

Соңку учурда жаштар арасында кафе-ресторандарда кальян тартуу кеңири жайылган. Айрыкча кальян тартуучулар үчүн кафелерде атайын бөлмөлөр да жасалган. Уролог-андролог Абдирашит Акынов насвай, чылымдардын катарына кальянды да кошту.

«Бизге кайрылгандарга насвай, тамеки, кальян чеккенден тукумсуздукка кабылгансың десең эч ким ишенбейт. Айрымдар «баары эле насвай же чылым чегип балалуу болуп жүрбөйбү» деп айтышат. Ооба, балалуу болгондор бар. Насвай же чылым колдонгондордун арасында 7-8 адам жабыркабай жүрүшү мүмкүн. Бирок качандыр бир кезде зыяндуу кошулмалуу заттар адамдын жыныс органына же башка органына да оңтойлуу зыянын тийгизиши толук мүмкүн. Ошондуктан зыяндуу затты колдонууну таштасаң, 50 пайыз айыккан болосун деп кайрылгандарга кеңеш беребиз», — деди А.Акынов.

2017-жылдын 6 айындагы жыйынтык боюнча Ош облустук адам репродукциясы борборуна тукумсуздук боюнча биринчи жолу 833 адам кайрылды. Ал эми ушул жылдын 6 айында эле 929 адам тукумсуздук оорусу менен алгачкы жолу кайрылган. Быйылкы көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 96 учурга көбөйгөн.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here