Бир күн мурун Сочиде КМШга белгилүү криминалдык авторитет Давид  Карселадзени (каймана аты “Калатоза”) эки белгисиз адам атып кетти. Анын көкүрөгүнө эки ок  тийген. Учурда ооруканада  оор абалда, жасалма дем алдыруу жолу менен дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Грузиянын Ички иштер министрилиги Давидди  2004-жылы көп кылмышка шектүү катары кармаган. Ошол учурдагы министр: аны өтө катаал жана кооптуу криминал экенин, ал бизнесмендерге да, криминал чөйрөсүнүн бир топ өкүлдөрнө да “ өзгөчө тартип” орнотуп келгенин, эми алар тынч жашай берсе боло турганын айткан. Давид кийин эркиндикке чыгып, Россияга келип, жарандык алган. Ошол учурда аны  Грузиянын мурунку таанымал футболчусу, кийин Энергетика министри болгон Кахой Каладзе менен жакын мамиледе экенин, аны колдоп, министдин эсебине 1 млн. доллардан ашык которгонун көп ЖМКлар жазып чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here