Учурда Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында миӊ түркүн кызыктарды көрүүгө болот. Бул тарыхый иш-чараны бир келген мүмкүнчүлүктөрдүн бири десек болот. Мына ошондой кызыктардын бири бул Кырчын жайлоосундагы заманыбыздын алпы, кадимки Каба уулу Кожомкул балбандын боз үйдөгү музейи экени талашсыз. Быйылкы Көчөмөндөр оюнуна Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов жана келиндери балбандын Суусамырдагы музейин Кырчынга көрсөтмө катары алып келишкен. Эске сала кетсек, алар мурунку оюндарда бул музейди Кырчынга алып келишкен эмес.

Кырчындагы Кожомкул балбандын музейи…

Андыктан бул өзгөчө музей бул ирет Кырчындагы кызыктардын дагы да кызыгын арттырып, көпчүлүктүн наазарын өзүнө буруп турат, чоӊ жаӊылык болуп.

Биз да бул музейга кирип, балбандын чөбөрөсү Орозалы мырзанын оозунан  алп атабыздын колдонгон буюмдары, өзү кийген «салмагы сайдын ташындай болгон ичиктери» тууралуу маалымат алдык. Аны төмөндөгү тасмадан бирге көрөлү:

Ал эми Кожомкул балбандын Суусамырдагы музейин 1989-жылдан бери иштетип, чоӊ кайын атасынын буюмдарын көздүн карегиндей сактап келаткан небере келини музей тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

Чынында Кожомкул балбан атабыздын ичиктерине, кийимдерине бери болгондо 70-80 жылдын жүзү болуптур. Бул таберик, баа жеткис буюмдарды муундан-муунга, кылымдардан кылымга сактоо, кийинки муундарга азыркы калбындай көрсөтүү маселеси кыйын эле болчудай. Кантсе да чүпөрөк деген чүпөрөк эмеспи…

Андыктан мен балбандын чөбөрөсү Орозалы мырзага бул ичиктерди, кийимдер азырынча сын-сыпатын көп жогото элек кезде, дал өзүндөй кылып өлчөмү менен тиктирип коюу сунушун айттым. Кылымдардан-кылымга сакталчу бул асыл буюмдар жедеп эскирип, жарактан чыгып калганчакта, анын көчүрмөсүн дал өзүндөй тиктирип, жасап коюу  иши колго алынса жаман болбостур. Орозалы мырза жакында бул ичиктерди айнектин ичине салып сактоо ишин колго алганын жатканын айтты. Ал эми жогорку сунушту да келечекте ишке ашыра турганын белгиледи. Бул маселеде Орозалы мырзага каражат жагынан жардам берчүлөр да чыгып калаар…

Баса, Кырчындагы Чүй Ордосундагы боз үйлөрдүн биринен табылды деп ЖМКларга, соцсеттерге байма-бай чыгып жаткан илбирстин териси дал ушул Кожомкулдун музейинин ичинде турганын бул тасмалардан байкоого болот. Ал илбирстин териси музейге тиешелүү болуп келген…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here