«Электр станциялары» ишканасы мамлекеттик сатып алуу порталына 1,19 миллион долларлык оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер жарыялады.

Бул акча мөөнөтү 40 жыл болуп кеткен кабелдик линияларды алмаштырып жана оңдоп-түзөө керек. Андан сырткары, жылуулук борбордогу жаңы коммутациялык жабдууларды курап чыгууга керектелет. Бул тууралуу Акционердик коомдун маалымат катчылыгы дагы тастыктады.

Белгилей кетсек,  өткөн жылы ТЭЦти реконструкциялоого 386 миллион доллар сарпталып, бирок кышында аварияга учурап, текшерүүлөрдөн кийин жоопту кызматкерлер камакка алынган эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here