Бүгүн, 5-сентябрда Бишкекте 2019-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук талкуу болот. Аны долбоорду иштеп чыккан Каржы министрлиги өткөргөнү жатат.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолу тууралуу документ Бюджет кодексинин негизинде даярдалды.

Анда жалпы кирешелер 2019-2021-жылдарга мамлекеттик бюджеттин кирешеси мамлекеттик тышкы инвестициялар менен гранттарды кошкондо 167,4 млрд. сом (2019), 175,0 млрд. сом (2020), 181,2 млрд. сом (2021) деп белгиленди.

Республикалык бюджеттин кирешеси (жалпы кирешелер жана гранттар) – 148,8 млрд. сом (2019), 154,9 млрд. сом (2020), 159,8 млрд. сом (2021) сом болот деген божомол бар.

Ал эми 2019-жылы 158,4 млрд. сом, 2020-жылы 162,9 млрд. сом, 2021-жылы 162,3 млрд. сом чыгаша болуп, бюджеттин тартыштыгы келээрки жылы 9,7 млрд. сом, 2020-жылда 8 млрд. 6,4 млн. сом , 2021-жылы 2,5 млрд. сом болот деп эсептелинди.

Булак:Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here