Кырчын этно-шаарчасында XIX кылымдагы кыргыздардын салты боюнча үлпөт той өттү. Жаш үй-бүлөнүн башчысы Союзбек Надырбековдун айтымында, Ош обулусунун тургуну. 23 жаштагы жубайы Айжаркын Ноокат районунун кызы.

«Биз XIX кылымда кыргыздар кандай үлпөт той өткөргөнүн жана кандай салт-санааларды колдонгонун азыркы тойлордон эмнеси менен айырмаланарын көрсөткүбүз келди. Бул көбүнө жагымдуу маанай тартуулап, жакшы таасир калтырды деп ишенебиз. Анан да мунун баары жөн гана оюн-зоок эмес чыныгы үлпөт экени кубандырат», — деди кесиптеши Бердиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here