31-май. 1941-жыл. “Рамзай” билдирет: “22-июнь күнү Германия эч кандай кулактандыруусуз Россияга кол салат!”

15-июнь. 1941-жыл. “Рамзай” билдирет: “Кол салуу 22-июнь күнү таңга жуук өтүп, кан күйгөн чоң майданга айланат!”

Адам өмүрүн жалмаган алаамат… Согуш… Кан күйгөн талаа…

Миллиондон ашуун адам алтын өмүрү менен кош айтышып, асманда кара булут түнөрөт. Жер Эне оор онтойт. Канчалаган эне жер муштап жалгызынан айрылат да, үстүнө кара жамынат. Ушунун баары чындап эле келечекте болобу?

Алдын ала айтылган маалымат Зорге тарабынан так жана тыкыр текшерүүдөн өтүп, анан Сталиндин колуна жеткен. Сталин Чалгынчылар Башкармалыгы алып келген телеграммага үңүлгөн соң канжасын тутантты да, бир кере соруп алып оор ойго тунду. Көк түтүн эки таноосунан бурулдап, бөлмөнү коюу түскө ороду. Так ошол тушта Кремлдин саат коңгуроосу жаңырып калды. Бөлмө ичинде аркы-терки басып канжасын бек кармаган Сталин “бул маалыматка ишенсек болобу?” – деди ичинен. Германия СССРге кол салбоо тууралуу тынчтык келишимине кол койбоду беле!? Бу Зорге деген ким өзү? Азербайжандын борбору Баку шаарында төрөлүп, кийин Германияда билим алган атасы немис, энеси орус журналист. Үч жыл мурун “антисоветтик” маанай менен айыпталып, анан атылып кеткен Ян Берзиндин даярдаган кадры Рихард Зоргеге толук ишенүүгө мүмкүнбү? Анда неге Зорге буга дейре бир канча ирет СССРге кел деген сунуштан улам баш тартып, ар кайсыл шылтоону айтып келди? Жок! Маалымат жалган чыгып калышы ыктымал!? Кылдан кыйкым таап, жумурткадан кыр издеген кексе, өзүнөн башка эч кимге ишене бербеген Сталин алыскы Күн Чыгыш журтунан келген телеграммага көңүлкош карады…

* * *

Ал эми Күн Чыгыш журтунда бир канча жылдан бери советтик чалгынчы Рихард Зоргенин Россияга баргысы келбей жатканын миллиондогон адамдарды темир чеңгел менен башкарган Сталин кайдан түшүнсүн? Токионун көчөлөрүнөн ары-бери агылган адамдарды анчейин этибар албаган Рихард бир бурчка токтоло калды да, тамекисин тутантты. Башына ар түркүн ойлор келди. Өткөндү эстеди. Рихард жапандык “Цундап” фирмасы чыгарган мотоцикл айдаганды жактыраар эле. Мындан үч жыл илгери майдын бир күнүндө мотоциклди катуу айдап келе жатып кырсыкка учурагандан бери жөө жүрөт. Ажал бул саам Рихардды аяды. Кырсык болгон жерге радист досу Макс Клаузенди чакырганга үлгүрдү. Эгерде ошондо Максты тез арада чакырганга жетишпегенде… Анда, Рихард үчүн бул кырсык эч нерсе эмес, жакын жоро-жолдошторун да тозоктун отуна салып бергенге барабар болмок. Жапан “кэмпэйтайлары” (императордук аскер полициясы) бул шпиондук топтогу бардык мүчөлөрүнө кыйноонун түркүн амалдарын колдонуп, жандарын сууруп алышмак. Кырсык болгон жерге жетип келген Рихард – Макска буга чейин үйүндө турган бардык документтерди тез арада көздөн далдаа жерге алып кет деп айтканга араң жарады. Бир топ күн өлүм менен алпурушуп атып акыры ооруканадан эсен-соо чыкты. Бу өмүрдө баскан кадамдары туура болдубу же жокпу, айтор, эң башкысы коммунизм үчүн жанын аябай адал кызмат өтөгөнгө бел байлады. Чоң атасы Адольф Зорге коммунисттик партиянын негиздөөчүсү, кадимки Карл Маркстын эң жакын санаалашы жана секретары эле. Бүткүл дүйнөдө капиталисттик идеянын тамырын кыркып, гумандуулукту орнотуу керек деген Рихард бала чагынан тартып илим-билимге умтулуп, жер бетине боорукерликти, тынчтыкты орнотконго өз салымымды кошсом, анүчүн каруумду казык, жанымды азык кылып каржала иштеп берсем деп дегдеди. Дембе-дем соргон тамекисинин түтүнүн ылдый үйлөп, ой артынан ой чубады Рихард. Көчөдө майда кадам таштап лепилдеп жылган жанга жагым жапан айымдарына да кайдыгер караган чалгынчы көөдөнүнө толуп чыккан ыза менен сагынычын басайын дедиби, айтор, идзакаяга (ичкилик ичүүчү жай) бет алып жөнөдү.

Россия демекчи… Россияга барууну Рихард өзү да канча ирет көксөбөдү дейсиң. Бу Күн Чыгыш журтунда жүргөнүнө бир топ болду. Буга чейин тапшырылган иштер толук орундалды. Фашисттик Германиянын тынчтык келишимге кол коюп туруп анан СССРге озунуп кол салаары, Жапан милитаристтик өкмөтүнүн алар менен бирдикте экенин төкпөй-чачпай мүмкүн болушунча эрте жеткиргенге, эң башкысы, азуусун айга жаныган бу жырткычтардын соккусуна советтик өлкөнүн даярдыкта турушуна эртелеп коңгуроо какты. Россияга буга чейин барууга шашылбай келгенинин эки себеби бар эле. Россияга кире турган болсом, мени Сталин эсен коебу? Буга чейин не деген жакын санаалаштары Россияга атайы чакыруу менен барып, бирок, бири да артка аман-соо кайтышкан жок. Баарын Сталиндик репрессия жалмады. Кайран гана Берзин, эмне деген жан эле!? “Абышка” аттуу ысымды алып жүргөн Ян Карлович Берзин советтик чалгынчылыкты жандандырып, бу ишке өзүнүн өмүрүн да аянбай опол тоодой зор салым кошту эле го!? Ошондой чоң эмгек жасап, коммунизм деп жанын үрөгөн адамды атып салышка эмне түрткү болду? Акты кара, караны аппак деп тааныган көкүрөгү сокурлар азыр бийлик бутактарында жамырап жүрөт. Алар жалган маалымат менен кол башчыбыздын башын айландырышууда. Испанияда чалгынчылык менен алектенип жүргөн Берзинди атайы Москвага чакыртып алып, анан советтик Чалгын башкармалыгын жетектөөнү сунушташат. Арадан аз өтпөй ошол эле кандуу отуз жетинчи жылдын 27-ноябрь күнү НКВДнын желдеттери бейкапар олтурган жеринен “троцкийчил” деп айыптап, колуна кишен салышат да абакка айдап жөнөшөт. Кийинки жылы 29-июлда “Абышканы” атып салышат. Негедир Рихард кийинки күндөрдө “Абышканы” көп эстечү болду. Чалгынчылык кесипке аралашуусуна 1929-жылы дал ушул “Абышка” түрткү болгон. Коммунизмди курабыз деп алдыга жаркын үмүт менен кадам ташташкан советтик өлкөдө чалгынчылык иштерди мүмкүн болушунча күчтөндүрүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна даярдыгы мол адистерди таштап, алар СССРге карата карасанатай иштерди жасаганы жатышкан капиталисттик өлкөлөрдөгү алдынала даярдалган арамза саясатты ийне-жибине чейин жеткирүүгө тийиш эле. Алдыда оор милдеттер турган. Анүчүн чекист деген кандай кадамдарга барышы керек? Айланасындагыларга шек-шыбаасын билдирбештин жолдору кандай? Мунун бардыгын өз табиятында чекисттик дарамети бар болгону үчүн адамдар арасында ар кандай жоруктарга барды Рихард.

Башынан нелерди кечирбеди? Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн үй-бүлөдөн да кечти. Эки ирет түтүн булатты. Экөө менен тең ажырашып тынды. Артынан ээрчий турган “ата” дечү уул күтпөдү. Жаштайынан Биринчи Дүйнөлүк согушка катышып, үч жолу оор жарадар да болду. Анан Германиядагы коммунисттик партияга мүчө болуп кирип, Эрнст Тельман менен ынак курбуларга айланды. Жыйырманчы жылдардын аягында Рихард канткенде советтик чалгын иштерине ак кызматымды арнап, жалпы социалисттик мамлекеттин бейпилчилигине салым кошом деп түйшөлө баштады. Алгач илим-билимге аралашты да Германияда окумуштуу катары таанылып, илимий макалаларды байма-бай жарыялады. Чалгынчылыкка аралашканы атайы фашисттик партияга мүчө болуп кирди. Кийин Кытайга сапар алды. Ал жакта да советтик Чалгын башкармалыгы тапшырган милдеттерди жаңылып-жазбай так аткарды. Рихард бул кездерде Германияда окурман журтуна калеми курч чыгаан журналист катары таанылып калган мезгил болчу. Кайрадан Германияга кайтып барып “Франкфуртер Цайтунг” гезитинин Токиодогу кабарчысы катары жапан жергесине жөнөтүлдү. Токиодо иштеген жылдарында жапан бийлиги жана полиция кызматкерлери Рихардды немис журналисти жана аракеч, аялдарды кол каптай алмаштырган катынпоз деп тааныша турган. Жапан жергесине келген беш жыл ичинде канча кытай, жапан жана ар башка улуттагы сулуу айымдар менен карым-катнаш түзгөнгө жетишти. Төшөк кумарына батып, керек учурда алардын кызматтарынан пайдаланды. Эмнегедир Рихардга аялзаты ар качан өзү тартылып тураар эле. Отуздан ашык айым менен сүйүү романдарын жаратып, эл көзүнө мокочо да болуп көрүндү. Бирок, акыркы жылдарда эрди-катын катары ар дайым Рихарддын оюн айттырбай түшүнүп, сүйүүсүн арнаган жапан кыз Ханако Исии гана болду. Рихарддын турмушунда Ханако эң узак мөөнөт жашаган асыл жарга айланды. Тагдыр Рихардды каалагандай өкчөп, отко да салды, чокко да салды.

Токионун түтүнгө толгон ичкилик ичилүүчү жайында отуруп алып алдында турган сакэден аянбай ичкен белгилүү журналист көзү өткөн соң аты тарыхта түбөлүк калып, Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылаары, анан ааламга тынчтыкты орнотом деп алпурушкан адам катары таанылаары ошол саам оюна келди бекен?..

* * *

Рихард Зорге – 1933-жылы 6-сентябрь күнү Германиянын “Франкфуртер цайтунг” гезитинин атайын кабарчысы катары колуна жалгыз чемоданын кармап алып Иокогама портуна келип түштү. Мына ушундан баштап ой-кыялында ар дайым согуш оту тутанбаса экен деген неме өлүмгө башын байлап, жашырын маалыматтарды топтоого киришти. Күн мурунтан даярдалган “Рамзай” тобу түзүлүп, жалаң баалуу маалыматтарды СССРге жөнөтө баштады. Жапан өкмөтү Советтер Союзунун аймактарын басып алуу максатында алгач Монголия аркылуу Халхин-Гол дайра боюна куралдуу күчтөрүн жөнөтө турганын телеграмма кылып жиберди. Ушул маалыматтан улам Халхин-Гол согушунда Кызыл Армия мыкты даярдыкта туруп, жапан баскынчыларынын мизин оңой майтара алды. Халхин-Гол кармашынан кийин жапан императордук аскери көпкө дейре эстерине келе албай, алтургай, Экинчи Дүйнөлүк согушта да Советтер Союзун басып киргенден айбыгып жатты. Эми бүткүл адамзаттын дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүрө турган Экинчи Дүйнөлүк согуш башталаар алдында Рихард Жапония жергесинде жүрүп император сарайында кызматташкан жана мамлекет башчыларын жаңдаган адамдарды таап, Советтер Союзу үчүн ар качан сергектикке чакырган телеграммаларды биринин артынан бирин жөнөтүп атты:

Май-июнь. 1939-жыл. “Рамзай” билдирет: Германия Польшаны басып алуу аракетин көрүп жатат. Кол салуу август айынын аягында же сентябрдын башында болот!»

Февраль-апрель. 1940-жыл. Немистер Франция менен Англияга каршы баскынчылык иш-аракеттерди жасайт. Жана Европа аймактарын толук ээлеп алган соң Советтер Союзуна кол салууну ойлонуштуруп жатат!”

 “5-март. 1941-жыл: “Гитлердин бул жакка келишкен өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда: Согуш май аягында болушу ыктымал. Германия СССРге каршы 150 дивизиядан турган тогуз армияны согушка салууну ойлонуштуруп жатат!”

 “3-июль. 1941-жыл. Гитлердик бийлик жапандарды канчалык демитип–көкүтпөсүн, Жапония СССРге азырынча согуш ачпайт!”

Бул телеграммалардан кийин Рихард: “Биздин Жапония жергесиндеги миссиябыз толук аткарылды. СССР менен Жапония ортосундагы согуштан оолак боло алдык. Бизди артка Москвага кайтарыңыз да, Германияга жөнөтүңүз!” – деген телеграмма жөнөткөн. Арадан аз мезгил өтпөй 1941-жылдын 18-октябрында жапан полициялары тарабынан Рихард жана “Рамзай” тобу толук колго түшөт. Ушул окуядан кийин отуз эки жапан чалгынчысы жогорку чиндеги мамлекеттик ордендер менен сыйланды. Ал эми Рихард Зоргени жана анын тобундагы адамдардын бардыгынын шорун шорподой кайнатып түрмөгө камап, ар түркүн амал менен кыйноого алышты. Тергөө иштери бир топ жылга уланды. Рихард Зорге менен Хацуми Одзаки экөөнө өлүм жазасы берилди. Калган “Рамзай” тобунун мүчөлөрүнө узак мөөнөттүү жазалар угузулду.

1943-жылдын декабрь айында жапан соту “Рамзай” тобунун мүчөлөрү: Сигэо Мидзунэ – 13 жыл, Фусако Кудзуми – 8 жыл, Томо Китабаяси – 5 жыл, ал эми 1944-жылдын январь-февраль айларында Ёсинобу Косиро – 15 жыл, Угэндо Тагути – 13 жыл, Масадзанэ Ямана – 12 жыл, Сумио Фунакоси – 10 жыл, Тэйкити Каваи – 10 жыл, Кодзи Акияма – 7 жыл, Хатиро Кикути – 2 жыл деп өкүм чыгарышты. Бул топтон согуш аяктагычакты аман калган жалгыз гана Макс Клаузен болду.

1944-жылдын 7-ноябрь күнү Токионун Сугамо түрмөсүндө таңкы саат 10:20да  жер бетиндеги адамзатты аман сактоого жан үрөгөн Рихард Зоргенин жана Хацуми Одзакинин моюндарына аркан салынды. Мойнуна тагылган аркандан алгач Рихарддын денеси бир аз жыйрыла түштү. Анан өмүрүн дайым тобокелге салган неменин бу саам башына бир ой кылт этип, бу өмүр дегениң жалаң күрөштөрдөн тураарын, ал күрөштө аман каласыңбы же жокпу аткарган ишиң так жана тастыкталган болушу керектигин, ар бир ишке аяр карап чын дилден мамиле жасап, өзү да ушул иште болгон күчүн жумшагандыгына терең ишене аргасыз бир жылмайып алды…

Айланасында жардап турушкан жапан милитаристтик өкмөтүнүн өкүмдү угузган сот өкүлдөрү менен аёо сезиминен ажыраган желдеттерге көз чаптырып болуп, аздан кийин соңку сөзүн айтмакка бир обдулуп алды да, анан оор күрсүнүп туруп:

  • Сэкигун! Кокусай кёсанто! Собиэте кёсанто! (Кызыл Армия! Коминтерн! Советтик Компартия!) – деп жапан тилинде шаңдуу сүйлөгөнгө үлгүрдү. Так ошол тушта алкымына оролгон кыл аркан бекем тартылып, анан көздөрү караңгылай түштү…

* * *

Жылдар канат кагып учту…

1962-жылдын март айында Никита Сергеевич Хрущев эс алып отуруп адатынча кино көрүүнү туура көрдү. Анан колуна кокустан тийген француз режиссеру Ива Чампенин “Сен кимсиң, доктор Зорге?” деген тасмасын көрүп алып буга чейин эч качан, эч бир жерде Зорге деген адам жөнүндө укпагандыгын жана ал ким экендигин тактагысы келди да, эртеси таң атпай туруп алып КГБнын Чалгын иштери боюнча башчысына телефон чалды:

-Зорге деген ким өзү? – деп сурады Никита Хрущев аң-таң боло. Бул суроону угуп алып кубанычы койнуна батпай өрөпкүгөн Чалгын иштеринин башчысы телефондун аркы учунан:

-Никита Сергеевич, ал деген чыныгы баатыр! – деп, шаңдуу жооп берди.

Мына ошентип Советтер Союзуна эң алгачкы ирет Рихард Зорге деген ысым угулуп, он беш өлкөгө дүң болду. Ага арналып жер-жерлерде айкелдер орнотулду. Бүткүл адамзат алдында өтөгөн кызматы үчүн, дегеле ааламда алааматтар болуп кетпесе экен деп тынчтык үчүн жанын садага чапкан эрдигине жараша Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылды…

Рихард туурасында аз өтпөй Америкалык аскер башчы Дуглас Макартурдун штабында иштеген Чалгын иштеринин башчысы Чарлз Уиллоби өзүнүн “Шанхай кутуму”  деген китебинде: “Зорге – советтик чалгын иштериндеги эң ири жылдыз! Чындап келгенде өзүнүн ойлоп тапкычтыгы, акылынын тереңдиги менен ажайып иштерди алпара алган көрүнүктүү чалгынчы Рихард Зоргенин кол алдындагы тобу эмне деген керемет иштерди жасай алган. Сегиз жыл бою жан дүйнөсүнө жакын делген Советтер Союзуна ак иштеп, ар качан баатырларча чечкиндүү иш алпаруу менен бир топ ийгиликтерге жетишкен. Ал, сегиз жыл бою Москвага эсеп жеткис баалуу жана такталган маалыматтарды жеткирип турган. Советтер Союзунун чалгын иштеринин башчылары менен Кызыл Армия ар дайым жапандык жана германдык баскынчылардын пландарын алдынала билип турушкан. Албетте, азыркы кезде таң калычтуу деңизчи, бирок, Зоргенин тобундагы бардык мүчөлөр биринчи орунга акчаны койбостон иш үчүн кара жанын карч уруп, жалпы кызыкчылыкты көздөө менен жалгыз идея үчүн күжүрмөндүк менен иштешкен. Ал эми Борбордон алышкан каражаттарды (биздин түшүнүгүбүз менен алып караганда, өтө эле жупуну) алар бар болгону көчүп-конууга же батир акыларына гана коротушкан!” – деп, жогору баасын берген…

* * *

1998-жылдын 6-сентябрь күнү Жапониянын “Асахи” гезитине журналист Ёситака Сасаки: “ХХ кылымдагы жүз улуу инсандын катарына советтик чалгынчы, тарыхчы жана эл аралык журналист Рихард Зорге кирет. Зорге Германияга СССРге кол салат деп, алты ай калганда алаамат башталаары тууралуу Токиодо туруп алып эскерткени менен таанымал. Бирок, Сталин маалыматка ишенбестен Зоргени жана анын тобун тагдырдын татаал жолуна таштап салган. Зорге Советтер Союзу үчүн жанын садага чапса да, Москва аны кезегинде сатып кеткен” – деп жазды…

 * * *

       Өлүм жазасын аткарышкан жан алгыч жапан милитаристтери Рихарддын сөөгүн ошол эле Сугамо түрмөсүндө бир топ адам менен чогуу көмүшкөн болчу. Көкүрөгүндө сүйүүсүн аздектеген Ханако Исии ушак-айың менен коңшу-колоңдорунун шылдыңына канчалык кабылбасын, Рихарддын сөөгүн сый менен узатуу ниетинде жапан бийлигине таманы тешилгенче каттап атып, майнап чыгара албай азап чекти. Акыры Ханако 1967-жылы америкалык оккупациялык бийликтин көмөгү менен түрмө короосунда жайгашкан Рихарддын сөөгүн алып чыгуу үчүн кирди да, казуу иштерине 23 жыл бою бир топ адамдар менен бир чуңкурга көмүлгөн ардактуусунун сөөгүн бир кезде оо, илгери Биринчи Дүйнөлүк согушта алган оң бутундагы үч жаракаттан, бир бутунун саал кыскалыгынан жана алтын тиштеринен тааный коюп мөгдөп ыйлады.

Көп өтпөй Рихарддын сөөгүн Тама көрүстөнүндө ардактап жерге беришти…

Көрүстөнгө байма-бай каттагандан тажабаган Ханако Рихард Зорге деген ысымды аздектеп жүрүп, 2000-жылы каза болду. Бу тирүүлүктө бири-бирине арзышып, бирок, таттуу тилектери ишке ашпаган Ханако менен Рихарддын сөөктөрү азыркы тапта бир көрүстөндө оор уйкуда жатышат…

Автор: Данияр  Исанов

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here