“1944-жылдын 18-апрель күнү Иван Иванович Доценконун экипажы зор күчкө ээ делип, бир канчалаган аскерлерден турган душман техникалары жайгашчу Львов-2 темир жол станциясын бомбалады. Согуштук тапшырманы аткарып жатып эр жүрөк шумкар –  баатырларча курман болду!” – “Каармандыгы жана кайратмандыгы үчүн” китебинен. 105-бет. 1973-жыл.

1967-жыл… Канада… Монреаль. Советтик делегациянын “ЭКСПО–67” жармаңкеси…

Советтик делегациянын катарында бир кездери журт которуп кыргыз жергесинде он эки жыл жашаган, опера жана балет театрында иштеп кеткен чечен уулу, улуу бийчи Махмуд Эсамбаев да бар эле. Канадалыктарга “Оттун бийи» деген номурун аткарып берген соң премьер-министр Лестер Пирсон анын талантына жогору баа берип, кандай белек тартуу кылаарын да билбей калды. Оюнда бийден башка эч нерсе жок Махмуд “мени сиздерде жашаган индейлердин жашоо-шарты абдан кызыктырат. Анан дагы алардын бий өнөрүн көрүп кетсем…” – деди. Махмуддун оюн орундатууну көздөгөн премьер-министр жардамчыларына дайындап, ошонун эртеси эле советтик делегацияны индейлер жашаган аймакка алып барды. Жалпы саны миңге чамалаш индейлер өнөрлөрүн тартуулап атышты. Бий-күүгө арбалган Махмуд бир убакта жанында турган индейге:

-Сиздердин уруу башчыңыздар кайда? – деди тилмечи аркылуу.

-Биздин уруу башчыбыздын аты Алоолонгон Өрт! Тигине, келатат, – деди жергиликтү тургун.

Аз өтпөй узун боюнан келген чымыр денелүү, башында куштун канаттары тагылган, улуттук кийим кийген кызыл жүздүү индей Махмуддун алдына келип:

  • Здоровеньки булы! Будьте здоровы! Добрый день. Счастлив вас приветствовать. Пожалуйста, прошу к себе в хижину, – деп бирде украин, бирде орус тилинде сүйлөп кирди. Украин менен орус тилинде учурашып аткан уруу башчыны көрүп аң-таң болгон Махмуд:
  • Сиз эмне, украин тилин билесизби? – деди.
  • Аа, эмне болуптур? Мен украинмин!
  • Кандайча? Сиз кантип индейлердин уруу башчысы болуп жүрөсүз? – деди, Махмуд огобетер кызыгуусу артып.
  • Атабыз он эки жыл мурун өлдү. Менин аялым – уруу башчынын кызы болчу, – деди Алоолонгон Өрт. Өзүн Канада жергесиндеги индейлердин арасында эмес эле Украинада жүргөндөй сезген Махмуд уруу башчынын тагдырына кызыкты. Алоолонгон Өрт Махмудду камыштан жабылган үйгө алып кирип атып, кайрадан кулакка тааныш тил менен жубайына:
  • Жинка, неси галушки! – деди. Кызыгуусу арткан Махмуд алдында турган ирокездердин башчысына:
  • Сиз кайдан болосуз? – деди, кайрадан суроо жаадырып.
  • Полтавадан болом! Аты-жөнүм Иван Доценко!

Иван үйүндө индей аялына жана балдарына украин тилинде сүйлөшүп жатканын көргөн Махмуд эмне дээрин да билбей калды. Алдына тамак-аш коюлду. Ичимдик ичилди. Анан көзүнөн жашы кылгырган Иван Махмудка карап:

  • Кел ырдайбыз! – деди да – Распрягайте хлопцы коней! – деп созолонтуп кирди. Иван ырдап атты, ыйлап да атты… Аны көргөн чырайлуу индей жубайы жана төрт уулу атасынын тагдырына боорлору оорушуп, шолоктоп көздөрүнө жаш алышты. Бул көрүнүш Махмуддун өңүндө эмес эле түшүндө болуп аткандай туюлду.

Бир топко көңүлдүү олтурушту. Анан коногун сыртка узатып чыккан Иван кусага толгон каректери менен Махмудка аяр тиктей:

  • Ээ-х! Бардыгын таштап салып кетким келет. Мекениме кайтсам, үйүмө чөгөлөп алып кирээр элем го, аттиң! Бирок, кантип? Кантип, мен бу шордуу адамдарды жана үй-бүлөмдү таштап кетем!? Эми… Эми кеч болуп калды… Өмүр өтүп барат! – деди, оор үшкүрүп…

* * *

    Советтер Союзунун Баатыры Иван Иванович Доценко 1944-жылдын 19-апрель күнү фашисттик баскынчылар менен абада катуу салгылашып атты. Львов–2 темир жол станциясындагы немистердин аскер базаларына сокку уруп, душмандын мизин майтарды. Советтер Союзунун Баатыры Алексей Кот кийинчирээк Иван Доценконун ошол кармаштагы эрдигин:

– Бир маалда асманда катуу жарылуу болду. Байкашымча, снаряд бензин багына тийди окшойт. Учак заматта туш-тарапка чачырады. Учак ичиндеги штурман Г.И.Безобразов жана Иван Доценко парашют менен төмөн түшкөнгө жетише алган жок! – деп эскерген.

Иван Иванович Доценко – 1918-жылы 29-ноябрда Полтава облусуна караштуу Чернечий Яр деген кыштакта жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң 1937-жылы Писаревщанский зооветеринария техникумуна тапшырат. Ошол эле жылы Иван Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөйт. 1940-жылы Оренбургдагы Чкалов атындагы авиациялык окуу жайды аяктап, Коммунисттик Партиянын катарына кабыл алынат. Улуу Ата Мекендик согуш башталаары менен мекенди коргогону жөнөгөн Иван ага лейтенант болгондон кийин Эмгек Кызыл Туу Ордендүү 10-Гвардиянын авиациялык полкунда жүрүп, бир канча ирет фашисттик баскынчылардын мизин майтарган. Алтургай, Сталинграддагы кандуу салгылашта да эрдиктерди жасаган болчу.

1942-жылдын 22-июну күнү өз звенолору менен бирдикте Орел шаарына жакын жайгашкан немистердин аэродромун бомбалайт. Немистердин аэродромдунун күлү көккө сапырылып, Доценко артка кайта берээринде өз учагына снаряд тийет. Мында да ал башкалардан айырмаланган эр жүрөктүүлүгүн далилдеп, алдыда бараткан курбалдаштарына немистердин снаряды тийбесе экен деген максатта өзү башкарган учакты душманга буруп туруп парашют менен жерге секиргенге үлгүргөн.

1943-жылдын август айларынын аягына чейин гвардиянын ага лейтенанты Иван Доценко 213 жолу учакка олтуруп айыгышкан салгылашка түштү. Оң бутуна ок тийди. Госпиталдан айыгып чыгып, кайрадан мекенди коргойм деп катарга тизилди. Анын эрдигин баалаган Совет өкмөтү Иван Доценкого “Кызыл Жылдыз” жана “Сталинградды коргогондугу үчүн” деген орден-медалдарды тагышты. Ал эми ошол эле жылы 18-сентябрда Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылды…

* * *

Чернечий Яр кыштагынын чаңын кечип чуркаган Иван бала чагында Чкаловдой учкуч болгусу келчү. Анан да асманда сызып учкан кушту карап олтуруп неге адамдар ушул куш сыңары алыска канат күүлөп эркин уча албайт деп санааркачу. Бала чактагы ушул кыялын азыр арадан бир нече жылдар өткөн соң алдында атакелеп эркелеген төрт уулуна көз чаптырып атып эске салды Иван. Көзүнүн агы менен тең айланган индей улутундагы жубайынын атасы ирокез уруусунун башчысы эле. Индей кызына баш кошоорго дейре булардын салт-санаасы менен бардык сыноолорунан сынбай өткөн Ивандын эр жүрөктүүлүгүн, жанда жок кең пейилдигин көргөн болочоктогу кайнатасы, ирокез уруу башчысы чын дилден сыйлап калды бу алп көкүрөк жигитти. Эркек уулу жок ирокез мындан аркы журтту көзүм өткөн соң улутуң башка болсо да сен башкарышка милдеттүүсүң деди.

Жылдар канат кагып учту. Ивандын көкүрөгүнө бугу толуп, мекенин эстеп зарлаган күндөр оголе көп болду. Ошол акыркы кармашта учагына снаряд тийип, жан сакташтын айласын көздөгөн неме жерге секиргенге үлгүргөн. Андан кийин фашисттик концлагерге айдалды. Андан эптеп атып качып чыкты да советтик аскерлерге жеткен кезде, алар аны мекенин саткан чыккынчы деп Сибирдин түрмөлөрүнүн бирине айдады. Буга чейинки жанын оозуна тиштеп кырчылдашып кыл чайнаган эрдиктери эч нерсеге татыбай калды. Мындай адилетсиздик болоорбу деди Сталиндик сокур саясатка жаны кашайган Иван. Эркиндиктен өткөн эмне бакыт бар деп эңсеген неме бул жолу да капастан качып чыгып жол арбытты. Ашуу ашып, бел басты. Сууну кечти. Бороонго кептелди… Акыры жүрүп олтуруп Аляска аркылуу дал ушул Канаданы жердешкен ирокездердин арасына туш келди.

Башынан эчендеген алааматтарды кечирген Иван индей журтунун арасында олтуруп мындан бир жыл илгери келип кеткен советтик делегациянын катарындагы Махмуд Эсамбаевге кат жазууга киришти. Бир жыл илгери өлкөсүнө жетээри менен Махмуд Иванды унутпай бул жакка кат жолдогон болчу. Кат менен кошо келген сүрөттөрдү карап олтуруп Чернечий Ярдагы өзү туулуп өскөн үйгө, Украин жергесине көз чаптырып алып бир ирет дагы мөгдөп ыйлады эле ошондо.

Колуна калемин кармаган Иван бир саам кагазга ойлуу тигилди да: “Бир тууганым Махмуд! Сага кат жазып жаткан сенин бир тууганың Иван Доценко. Сен жиберген сүрөттөрдү алдык. Сүрөттөгү үйдүн өзүндөй кылып там салдым. Чатырын камыштан жаптым. Канаттуулар келип үйдү айланып учушууда. Короого күн карама эктик. Ал эми Ыйса пайгамбардын сүрөтүнүн ордуна сенин сүрөтүңдүн үлгүсүн коюп алдым. Ар дайым сенин бир тууганың бойдон калам деген Иван Доценко!” – деп аяктады катты…

* * *

    Дал ошол жылы Иванды Чернечий Ярдагы айылдаштары айылыбыздан чыккан баатырдын урматына бир көчөнүн ысымын беребиз, аны менен кошо эстелик тургузабыз деп чыгышты. Анан эле тээ алыскы Москвадан атайы тапшырма келип, КГБ мындан ары Иван Доценкого эстелик тургузмак тургай, аты да аталбасын деген жашырын буйрук беришти. Эмнеге деп элейишкен элеттиктерге жооп да болгон жок.

Муну уккан Ивандын бир тууган эжеси Дарья Ивановна кыштын узак түндөрүндө уктай албай ооналактап, өткөндү эстеп өксүп ыйлады. Энесинен эрте айрылган Дарья бир тууган инилери Иван менен Василийди жанынан чыгарбай жетелеп, далай мээнет менен эр жеткизген эле. Василий да кудум Иван сыяктуу эр жүрөк болчу. Аны да куураган согуш жалмады. Андан кийин Иван баатырларча курман болду, Советтер Союзунун Баатыры деген наамы ыйгарылды дегенин угуп алып огобетер каңырыгы түтөгөн. Куру дегенде ушул Иваным аман турса эмне деп эчкирип ыйлаган. Бирок, алдакайдандыр ички сезими аны “Иван өлгөн жок, ал тирүү” дегенсип туш-тараптан ойлор жабалактап, тынчын алчу болгон. Анан эле минтип кубанычтуу кабар Махмуд Эсамбаев аттуу бийчиден келип олтурат. Катта баяндалгандай ал оо, алыскы Аляскадан ары карай Канаданы байыр алып, журт башкарып жүргөн имиш. Кайда гана болбосун Иваным аман болсо болду деп тиледи ичтен. Ошол саам Дарья ар качан эжелеген жароокер инисин эми эч качан кездештире албасын, тагдыр андай буйруктан экөөнү тең куру жалак калтырганын билген жок…

Автор: Данияр Исанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here