Нарын районундагы Эмгекчил айылында жаштар арак сатуу жана ичъъ маселесине кескин түрдө каршы чыгышты. Бул маселени сөз менен гана айтып тим болуп калышпастан  айылда ичимдик саткан дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктеринин баарын сатып алуу үчүн 400 миӊ сом чогултушкан. Бул демилгени колдогон дүкөн ээлери дагы 100 миӊ сомдук ичимдиктерди  өздөрү беришкен. 11-12-август күндөрү сатып алынган ичимдиктерди жаштар айыл четине алып барып, талкалап, таш-талканын чыгарышкан. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдын жаштары таратты. Эми Эмгекчил айылынын жаштары ушуну менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жагын тыкыр көзөмөлгө алышмакчы. Буга чейин Нарындын 5 айылында ушундай жол менен спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууга жетишкен.

Белгилүү болгондой Нарындагы Эмгекчил айылы буга чейин бир топ жыл Солтон-Сарынын алытнын казып, байыган айылдардын бири.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here