Узак убакыт уктоо адамдын ден -соолугуна зыянын тийип, өнөкөт ооруларды пайда кылат.  Киля Университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрү боюнча 8 сааттан ашык уктоо адамдын психикасына зыянын тийгизип, инсульт алуу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле жүрөк- кан тамыр оорулары эки эсе жогорулайт.

3 миллиондон ашык адамдын катышуусунда болгон, 74төн ашык изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде 9-10 саат уктаган адамдар уйкусурап, тез чарчап, ал тургай ден — соолугунан жабыркашып, 7-8 саат уктаган адамдардан айырмаланып турганы аныкталган.

Узак убакыт уктоонун натыйжасында:  кан айлануу ритми бузулуп, кыжырдануу пайда болуп, нерв системалары каалагандай иштей албай калат

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here