Энергохолдингдин мурунку жетекчиси абакта жаткан Айбек Калиев тергөөдө ТЭЦке сарпталды делген  386 миллион доллардан ким канча “доля” алганын сайап бергенин билгендер божурап айта баштады. Ал Исаков, Сатыбалдиев, Артыкбаевдер канча миллиондорду  жана өзү канча миллион алганын ачыктап берген экен. Ошондон улам, анын көрсөтмөсүнүн негизинде Артыкбаев, Исаковду, Сатыбалдиевди УКМК укуругуна илди. Бирок тергөө бүткөндө УКМК ким канча  миллион алганын ачык айтабы? Же көмүскөгө калтырып коёбу? Кеп ошондо…