Белгилүү болгондой  Темир Сариев аз күн мурун Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драм театрынын 90 жылдыгын куттуктап, өз чөнтөгүнөн 100 миң сом белек берген. Башка бизнесмендер деле өз кошумчаларын бериптир. Маселен, «КG» гурпп компаниясынын жетекчиси Ташов 500 миң сом бергени айтылууда. «Той болот, тойдун эртеси да болот»-дегендей бүгүн Маданият министри Түгөлбай Казаков аталган театрдын директору тамада, артист Темирлан Сманбековду арыз жаздырып, жумуштан айдады. Сманбеков бозала болуп, бир нече саат мурун жамааты менен коштошуп кеткени белгилүү болду. Анын кетишин айрымдар дароо саясатка айландырып, Сариевдин театрга барып белек бергени менен байланышытырып жиберүүгө үлгүрдү. Чынында, бул кептин да аздыр-көптүр чындыгы да  бар.

Себеби, Сариевдин аталган театрга белек бериши жана премьер кезинде  бул театрдын көйгөйлөрүн чечип бергени да коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, ал эми азыркы өкмөттүн 90 жылдыка эмне белек кылганы билинбей деле калды. Бул биринчиси, экинчиси жедеп тойлорду алып барып, директор кезинде деле кечке маал тамадалыкка кетип көнүп калган Темирлан Сманбеков 90 жылдык маарекени абдан начар өткөргөнү айтылууда. Даярдык да начар болуптур. Өз жердештери баштаган, бир топ кишиге ашыкча сөз берип, айтор башаламандык өкүм сүргөндүктөн улам, буга жини келген министр Түгөлбай Казаков ал жерден чыгып кетип калыптыр.

Үчүнчүсү, деги эле Сманбеков бир нече жыл директор болуп, театрды жакшы иштете албаганы, театрга элдин аз барып калганы, ар кандай мыйзамга туура келбеген иштерди ишке ашырып жибергени да себеп болуптур. Азырынча, көзгө басар театрга ким директор болоору белгисиз. Ошол эле, театрда иштеген идиректүүсү дайындалып калышы мүмкүн.