“Чагылган” сайты 27-мартта Жылаңачтанып, сүрөткө түшпөй эле койгула, кыздар! Сулуулук деген ыйманда”   деген макала жазган. Анда кыргыз кыздарынын, өзгөчө сулуулар сынагына катышып, жылаңачтанып, дырдай денелерин жалпы элге көрсөтпөөнү, уюткулуу улуу журт болгон элибизде мындай көрүнүш эч качан болбогонун, бул батыш мамлекеттеринин келген ыплас нерсе экенин, бул жаман көрүнүштү жалпы коомчулук бирге тыялы, “Супер-инфо” гезити да кыргыз кыздарын жылаңачтап жар салганды токтотсун, буга чейин да нааразычылыктар айтылып келген, дагы да үн кошуңуздар деген мааниде жазылган. Бул макала ошондон бери сайтта эң көп окулган хиттердин катарын толуктап келатат. Бирок эң кызыгы бул эмес. Кызыгы, ошол күнү түнкү саат  1ге жакын ошол макалада сүрөтү эң башкы болуп коюлган кыз, так айтканда Жамила Ишенбаева аттуу селки авторго чалып: “Силердин сайт менин сүрөттөрүмдү уруксатсыз жарыялапсыңар, алып салгыла, мен каршымын, ал мурун чыккан сүрөттөр болчу”-деп айтыптыр. Албетте, ал макалада жалгыз Жамиланын сүрөтү кеткен эмес, көп кыздардыкы бар, бирок анын сүрөттөрүнөн эки-үчөө коюлуптур. Бул атайы эмес, ар бир сүрөтүндө ар башка түшсө, аны жакшы тааныбастан, ошол сүрөттөгү образына жараша коюлган.

Бирок макалада Жамила тууралуу сөз жок. Жалпы сулууларга карата айтылган кептер гана. Жамила эртеси да чалып: “Байке биз бири-бирибизди түшүндүк окшойт, сүрөттөрдү алып салбайсыңарбы”- деп дагы коңгуроо кылды. Биз сүрөттөр алынбай турганын, интернетте жайнап, ар ким, ар кандай сайттар, гезиттер ачык колдонуп жатканын, аны биз жарым жылаңач кылып тартып албаганыбызды айтканыбыз менен, ал түшүнгөн жок. Кайра жинденип: “Мен силер менен башкача сүйлөшөм, сотко берем”- деп коркутуп алды.

Ага: “Редакцияга келип ошол сүрөттөрүң тууралуу, деги эле өзүң т жөнүндө маек берип кет, анчалык каршы болсоң”- деп сунуш кылсак, ал ага да болбоду. “Силерге барып маек берип убакыт коротуп жүрмөк белем, силерди сотко берем” –деди. Берсин, бирок бизди сотко берерден мурун өзүн жарым жылаңачтап, жалпы кокомчулукка жар салган “Супер кж” сайтын, гезитин. ж.б. сайттарды берсин, анан кезек бизге жетээр. Гугулга, ФБга, айырм сайттарга Жамила Ишенбева деп жаза салсаң, жүздөгөн сүрөт жайнап чыгат экен. Кайсы бирин карарыңды билбейсиң дегендей. Фото модель болсо, сүрөтү көп да. Негизи, сулуу кыздарыбыз өздөрү элге жетсин, менин сулуу денем бар экенин көпчүлүк билип алсын деп ачык сүрөткө түшүп алышып, ага сыймыктанып жүрүшөт.  Бирок аны кайра басып, өзү каалагандай элге дагы “жеткирип”, ыйманга чакырып койсок, минтип сотто сүйлөшөбүз деп коркутушат. Биз Жамила сулууга эч кандай жамандык каалабайбыз. Болгону, кыргыз кыздарына жакшы жагынан үлгү болсо дейбиз. Ылайым, турмуштан өз ордун таап, эне болуу бактысы буйрусун…

Бул кайсы, кимдин акылына сыят? Жамила сулуу “Чагылганга” маек бер десе болбоду, анын “Супер кж” сайтына өткөн жылы берген маеги бар экен. Ошол маекти  төмөндө окурмандарга сунуштайбыз. 13 мүнөткө созулган маекте бул сулуу көп нерсени ачык айтыптыр.  Жарандык никени да жактаптыр.Биздин сайтка жарыяланбаган Испаниядан, Дубайдан тартылган  өтө ачыгыраак сүрөттөрүн өз каалоосу менен койдуруптур. Эми ага сот жок. Биздин сайт эки, үч сүрөтүн жарыялап койсо, бизге сот барбы? Негизи, мыйзам боюнча, сүрөттөр мурда-кийин ЖМКларга жарыяланып калгандан кийин, аны эч кимден сураштын кереги жок, болгону мурунку сайтка шилтеме берип коюу жетет.Муну билбегендер билип алышса… Анын үстүнө, Жамила «Суперге» берген маегине сындарга чычалабай деле калдым, көнүп калдым, айткандар айта берет дегендей айтыптыр. Бул жолу неге чычалап калды?