Автор:  Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны  

Алексей Саврасов 1830-жылы Москвада, майда соодагердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасынын каршы болгондугуна карабастан Москвадагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн.

Меценат И. В. Лихачевдун жардамы менен Харьков, Киев, Одесса жана Крым шаарларын кыдырып сүрөт тарткан.

1862-жылы Лондондо өткөн Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүнө катышкан. Франция, Швейцария, Германияда болгон.

1871-жылы “Чар каргалар учуп келишти”  (“Грачи прилетели”) деген легендарлуу сүрөтүн тарткан.

1882-жылы аялы, эки кызы А. Саврасовду таштап кеткен. Ага чейин эле өп-чап жашаган сүрөтчүнүн турмушу андан бетер оордоп, селсаяк жашоого өткөн.

А. Саврасов 1897-жылдын 26-сентябрында багуусуз адамдар жашаган жайда дүйнөдөн кайткан.

Ал орустун лирикалык пейзажына негиз салган улуу художник катары тарыхта калды. Саврасов бир эле “Чар каргалар учуп келишти” деген картинасын 4 жолу кайталап, ар кандай варинатта тарткан. Анын “Күн желеси”, “Эрте жазда” жана башка көптөгөн мыкты сүрөттөрү бар.

А.Саврасовдун мектепте окуп жүргөн жылдары таанышкан ошол “Чар каргалар учуп келишти” деген сүрөтү менин да өмүр бою эсимде калды. Анткени орус тилинен сабак берген эжей бул сүрөт жөнүндө көп нерселерди айтып бере берер эле. Мектеп… классташтар… балалык сүйүү…  калган кездержаштык издери калган романтикалуу курак…

 

Ыр ушул сүрөттү эске салып турсун.

 

                      ЖАЗ

Сага жазган каттан “жарк” деп мүнөзүң,

Сабак бүтпөй, санайм сааттын мүнөтүн.

Саврасовдун айтып жатат эжебиз,

“Чар каргалар учуп келген” сүрөтүн.

 

Жай табалбай жакшы жерге жайгараар,

Жазды кайда апкелишти каргалар?

Терезеден көчө жакты карасам,

Тегеренип жаап атыптыр майда кар.

 

Булуттары коргошундай ныкталган,

Бук болгондо чиркөө, крест жыттанган.

Октой түптүз кайыңдары керемет,

Орустардын жазын бизден кызгангам.

 

Ак чамбыл жол атчан, жөөчөн киши өткөн,

Алакандай айыл ушул биз өскөн.

Кайыңдыга жаз апкелсем дечү элем,

Каргаларды “уурдап” барып китептен.

 

Эжей калып, сабак калып, бак калып,

Эл бүткөндүн баарысына мактанып.

Энеме да көрсөтпөстөн ошондо,

Эң биринчи саа бармакмын жазды алып…

                       

 20-март, 2017-жыл, Арча-Бешик.