Бүгүн эле Москвадан 15 жаштагы кыргыз кызы көз жарып, бирок анын 9 айлык баласы өлүү түшкөнү тууралуу маалымат чыккан. Ал маалыматтан көп өтпөй Санкт-Петербургда 14 жаштагы кыргыз кызы да үй шартында төрөп,  бул айыбын жашыруу үчүн баласын иштебеген муздаткычка салып койгону тууралуу жагымсыз жаңылык чыкты. Бул тууралуу fakt.kg билдирди.

Анын баласын  муздаткычтан ыйлагынын уккандар  №1 төрөтканага жеткиришкен. Ал эми полиция ымыркайдын секелек энесин ооруканадан тапкандыгы айтылат. Анын аты Айзирек деп айтылууда.