Бизде ким, кайсы жооптуу кызматка барса, ал кишинин алгач жакшы жактарын эмес, жаман жактарын издөө адатка айланганы ырас. Бул өтө деле жаман көрүнүш эмес. Коррупциялуу өлкөдө нормалдуу эле деп эсептелет. ЖКдагы РАЖ фракциясына жаңы эле лидер болуп шайланган депутат Жыргалбек Турускулов дагы мына ушундай көндүм адатка кабылды. Анын береги сүрөтүн соц сетке жайылтып, кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүгү сындагандар.  Бул сүрөт, качан кайсы жерден тартылганы боюнча маалымат жок. Аны Жыргалбек мырза өзү эле айтып бербесе… Бирок бизде кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салынат. Ал эми атка минерлер аны деле билет. Бирок мергенчиликтин эл билген башка да жолдор бар эмеспи…Балким тоо текени качандыр бир кезде уруксат менен аткандыр, акчасын төлөп. Эми ким билет?

Изат Имакеева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here