Эртең парламентте көпчүлүк коалиция тарайт деген кептер тар чөйрөдө кызуу талкууга алынууда.  «Республика-Ата-Журт» фракциясындагы лидер алмашуу дагы мына ушул маселеге байланыштуу  болгону ачыктала баштады. Бул фракциянын лидерлигин эми бийликке иштей турган көпчүлүк алды. Бабановду колдогон депутаттардын саны барган сайын азайууда. РАЖ эми көпчүлүк коалициянын курамына кирип калса, эч таң калуунун кажети жок. Коалиция эртең, же эми жумада тараса, өкмөт отставкага кетип, Сапарчик кызматынан кол жууйт. Анын  ордуна Иса Өмүркулов баштаган бир катар талапкерлер тандала баштайт. Кыскасы, алдыдагы күндөрдө  саясаттын казаны дагы да катуу кайнап, саясаттагы укмуштай интригалар ачыкталат.

Урмат Кабылбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here