Маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков санарипке өтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, калктын 56 пайызы санарипке толук өтүптүр. Министр: “Алдыдагы эки айда 95 пайызын камтууга мүмкүнчүлүк бар”, — дептир.  Белгилүү болгондой анолог сигналдарын өчүрүү 15 майда толугу менен токтотулары айтылып келген. Бирок бир канча жылдан бери улам артка жылдырып келатып, ушу күнгө чейин араң 56 пайызга жеткени чоң ийгилик эмес дегендер да бар. Мындай жагдайды эске алганда, 2 ай ичинде бул көрсөткүч 95 пайызга чыгып кетерине ишенүү кыйын. Демек, санарипке өтүүнүн мезгилин дагы узартышы мүмкүн. Чынында бул жаатта анчалык деле чоң иштер, терең түшүндүрүүлөр жүргөн жок.