Бул айым чынында эле Кыргызстандагы кыйын чыкма айымдардын бири. Кесиби боюнча чет тилчи.  Учурда 60тын ашуусуна келди. Англис, француз, немис, орус, кыргыз тилдерин билет. Эмгек жолун  1979-жылы улуттук университеттен баштаган. 1993-жылдан тартып билим берүү тармагында жетекчилик кызматты аркалап баштайт. 1997-2001-жылдары Кыргызстандагы Америка окуу жайынын ректору болгон. 2001-2002-жылдары КРнын Билим берүү жана илим министри болуп иштеген. Андан кийинки жылдары АУЦАда эмгектенген. Камила айымдын кыргыз коомчулугунда кадыр –баркы өзүнө жетиштүү эле. Бирок абдан жогору деп айтууга болбос. Андыктан мүмкүнчүлүгү азыраак десек болчудай.  Айрым маалыматтар боюнча, ал Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясында. Күйөөсү жана бир туугандары ири бизнесмендер. Ал өзү азырынча  расмий түрдө Президенттике ат салышарын жар сала элек. Ошондой болсо да, бул маселени билгендер ачыкташты.