Сайкал Садыбакасова жакында сулуулук салонун ачкан. Азыр өзү ал салондо келген кардарларга макияж жасап иштеп жаткан учуру. “Арзуубек деген дизайнер экөөбүз жарымын ателье, жарымын салон кылып ачтык. 7 жылдан бери өзүмдү, кыздарды боёп келсем, жакында макияж кылуунун окуусун бүтүрүп сертификат алдым. Эми мен өзүмдү кесипкөй визажистмин деп айта алам.

Апам: «ырчылыктан эмнеге визажистке өтүп кеттиң? Башкаларды боёгонуң уят эмеспи. Ырчыдай болуп кардар тейлебей эле койбойсуңбу» деген оюн айтты. Чыгармачылык менен ишкерликти чогуу алып кеткен оорчулук жараткан жок.

Мен күнүгө салондон чыкпай кардарларды боёп отурган жокмун. Мага жазылган адамдарды гана кабыл алам. Башында кардарлар агылып келбейт, иш нугуна түшкүчө 1 жыл убакыт керектелет. Жакшы иштеп өзүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл” – дейт ырчы.