Кыздын колун сураш үчүн мырзалар эмнелерди кана кылбайт. Кытайлык жигит  Лю Фэй Ван Фанфан аттуу сүйлөшкөн кызынын колун сураганы барып 33 тонналык ташты белек кылды. Ал үчүн жигит 1 миллион юань короткон. Бирок, жигиттин канчалык аракетине карабай белеги кызга жаккан жок. себеби, ал акчага бир батир алса болмок. Сүйүү үчүн адамдар айрым кезде акылын жоготот деген чын! Ал эми ашкер романтиктер акылын гана эмес, башын да жоготуп алышы толук мүмкүн. Кыздын жигитинин мындай жоругуна каршы болуп, андан көрө «бул акчага батир келмек» дегенине караганда, кыз  да деле, жигитте деле батир жок болсо керек. Эми бул экөө 33 тонналык таштын «ичине» жашашабы?