Салтанат Аширова Украинанын «Голос» теледолбоорунун 7-сезонуна катышып, ал сынактын 2-баскычынан четтетилди. “Потап Катяны тандаганда капа болгон жокмун. Канткен күндө да калыстарга өздөрүнүн ырчыларына колдоо көрсөтүп, белгилүү кылуу маанилүү да. Ал эми Катя украиналык ырчы. Мени болсо акыркы мүнөттөрдө Жамала сактап калды. Албетте, мен дагы намысымды коргоого болгон күчүмдү жумшадым. Себеби оңой эле багынып бербеген, жеңилүүнү сүйбөгөн адаммын.  Жамала жөнүндө айтсам, чынында эле көңүлүм калды. Бирок мен аны айыптап же жамандабайм. Анткени бул шоу, анын да долбоордо аткаруучу ролу бар. Жамаланын «кечир, Салтанат, эреже ушундай» дегени мен үчүн чыккынчылык кылгандай болду. Менимче, Жамала атайын кылган жок, балким, долбоордун продюсери ушундай деп чечкендир. Эгер чындап эле Жамаланын чечими болсо, анда, албетте, жакшы болгон жок. Ушул жылы долбоордун эрежелери жаңыланыптыр. Мисалы, Жамала башында мени сактап, андан кийин кайра Ираны тандап кеткен эле. Бирок Жамала Ира менен чектелбей, аны башка катышуучуга алмаштырып койду. Айтор, түшүнүксүз эле болуп жатты” – дейт Салтанат айым. Ырчы айымдын «Голосто» ырдаганын бул жерден көрсөңүз болот: