Бишкекте апрель айында “Азиянын чыгармачыл аялдары” фондунун атынан даректүү тасма боюнча режиссёрдук курстар башталат.  Курс 3 айга созулат. Каалоочулар даректүү тасмадагы режиссуранын негиздерин, даректүү тасмада оператордук чеберчилик, кинодраматургия, монтаж боюнча окуудан өтүшөт. “Биз даректүү тасманы кеңири аудиторияга кантип жеткиликтүү кылууну үйрөтөбүз. Курстун ар бир катышуучусу тема тандап, үйрөнүп, тасма тартат”,-деп билдирди “Азиянын чыгармачыл айымдары” фонду. Эскерте кетсек, өткөн жылы аталган фонд Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө Кыргызстандын аял-режиссёрлерунун  Кинофорумун уюштурган. Форум Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

Катышууну каалагандарга сурап билүү телефондору: 0779 90 11 60, 0708 91 35 30.