Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим НУРАКУН уулу сөз эркиндиги боюнча өз оюн ортого салды:

-Ар бир редакция кандайдыр бир маалыматты жарыялоодо этикалык ченемдерди карманышы керек. Акыркы кездери Кыргызстандын ММКлары кимдир бирөөгө таасир берүү куралына айланып калды. Учурда саясый ишмерлер, белгилүү инсандар гана эмес, жөнөкөй жарандар тууралуу да макалаларга буйрутма беришет экен. Бир аял тууганы анын намысына жана кадыр-баркына шек келтирген макала үчүн журналисттерге буйрутма бергени мени таң калтырды. Бул туура эмес. Жалпы кабыл алынган этика ченемдеринен тышкары, ар бир редакцияда өзүнүн ички саясаты болуш керек. Ар бир редакция кандайдыр бир маалыматты жарыялоодо этикалык ченемдерди карманышы керек. Маалыматты чыгаруунун алдында редактор, айрым учурларда юрист бул макала башка адамдардын укугун бузбай тургандыгын текшериши зарыл. Ооба, албетте, айрым гана ММКлар эки тараптуулук принцибин карманбай келишет. Бирок, мында журналист калыс болушу керек. Бул анын ишинде эң маанилүү