ЖКга КСДПнын тизмеси менен мына-мына депутат болот деп жатышкан Икрамжан Илмиянов менен Абдыманап Кутушев экөө тең депутаттык мандаттан баш тартканы коомчулукта кызуу талкуу туудурду. Экөөнүн депутат болгулары келбей калышканын ар ким ар кандай иштерге жоромолдоп бүтө элек.  Азырынча ар кайсынын башын чаргытып айткандар айта беришсин. Негизги чындыгы аз күндө билинет. Ал эми кийинки кезекте журналист, бийликке айтканы, жазганы абдан жаккан Аида Касымалиева өзү ММКларга депутаттыктан баш тартпай турганын жар салды. БШК бул маселе боюнча чечимди бүгүн чыгарышы мүмкүн. Болсун, тилинен чаң чыккан жаштардын бири. Элди ойлойт, жеке кызыкчылыкты экинчи орунга коёт деген ишеничтебиз.