Жумгал районун акими Адыл Сатаров Нооруз майрамынын урматына жогорку деңгээлде салтанат уюуштурду. Аталган салтанатка Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Абтандил Кулбараков катышып, өз салымын кошту. Майрам Чаек кыштагынын борборунда жергиликтүү тургундардын жана мекеме кызматкерлеринин жөө жүрүшү менен башталып оюн-зоок менен коштолду. Жумгалдык жоон билек жигиттерден топтолгон көк бөрү командаларынын бир эмес бир нечеси эл өкүлүнүн алдына улак ташташты. Ошондой эле арча түтөтүлүп, конокторго сүмөлөк таратылып, эл журтка бата тиленди. Ал эми ЖК депутаты Кулбараков жумурай журтту жаңылануунун, аруулануунун майрамы менен куттуктады.