Бүгүн  башынан эле жалаң саясый маселелерди карап келаткан Биринчи май райондук «саясый» сотунда бийликти  басып алууга шектелип,  1 жылга жакын убакыттан бери абакта жатышкан “Элдик парламенттин” мүчөлөрүнө өкүм чыгары айтылууда. Буга чейинки сотто жарыш сөздөр аяктап, айыпталып жаткандарга акыркы сөз берилген болчу. Алар кармалагандан тартып өздөрүнө коюлган күнөөнү четке кагып келишет.   Мамлекеттик айыптоочулар; » Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 15, Эрнест Карыбековду 22, Дастан Сарыгуловду 12 жыл күчөтүлгөн тартипте  түрмөгө кесүүнү сураган. Сот мамлекеттик айыптоочулардын суранычын канаттантабы, же жазасын азайтабы? Бул да болсо “Ак үйдүн” көрстөмөсү менен болорун көпчүлүк болжолдоп жатат.