—Силерден эмнесин жашырайын. Мен өзүм шаардын сыртында жайгашкан жаңы конуштардын биринде жашайм. Кайындарымдын баары тең шаарда турушат. Чубак ажы токол алганын коомчулукка ачык жарыялагандан кийин үй-бүлөлүк  шартка байланыштуу жакында аялыма ачык айтсам тилине ээ боло албай:

—Эй сөөрүк! Бизди тыңыраак бага албай жатып токол алгандын балекетиң аласысыңбы?!-деди акшырая карап.

—Балдардын эсин чыгарып, бизди сүт менен кенен албаган неменин мага кереги жок!-деп мен ого бетер күчөдүм.

Ошондо аялым мага таң калгансып бир аз жумшара түшүп:

—Сен эмнени айтып дөөрүп жатасың? Балдарды ким коркутуп жатат?.. Ии баса… Сүт дегениңден улам айтканга туура келип жатат. Сен мени уйга салыштырып мазактап жаткан жоксуңбу? Анткени менин көкүрөгүм…

Аялымдын бул сөзүнө күлкүм келип турса да өзүмдү бекем кармап:

—Сен ал тууралуу кеп кылбай эле койгун. Жетишет… Эмнеси болсо да  мен сөзсүз токол алам,- деп сыртка чыгып кеттим.

Анан үйдүн жанында кошуналар менен кобурашып отурган элем. Арадан бир саат өткөндөн кийин эле кайненем баш болуп кайындарым үйгө келе баштаса болобу. Кайненем машинадан түшкөндө эле жүгүрүп барып учурашсам эч алик албады. Кайнежелерим болсо бир сыйра мени жемелеп жиберишти. Үйгө киргенде эле тополоң башталды. Төрдү ээлеген кайненем:

—Мен сени билимдүү, күйөө балдарымдын арасынан эң түшүнүктүүсү деп сыймыктанып жүрсөм… Көрсө сен акмак турбайсыңбы?!.

Буга чейин алдын ала бир ай мурун бири-бирине телефон чалып учурунда чогула албаган кайындарымды эми минтип күтүүсүздөн эле  үйүмө чогултуп алганыма өзүм да таң калып бир аз ойлонуп кеткен окшойм. Бир маалда кулагымдын тарсылдагын жулуп жиберчүдөй аялымдын ачуу үнү жаңырды:

—Эмне ала турган токолуңду эстеп кыялданып жатасыңбы,ыя?! Кана төркүндөрүмдүн көзүнчө жанагы сөзүңдү кайталасаң!!!

Эртеден бери мага аялымдын ушул сөз жетишпей жаткан эле. Ошон үчүн кайындарыма болгонун болгондой айтууга туура келди. Алгач кайненемди карап:

—Апа туура түшүнсөңүз…

Калган сөздү эмнегедир айта албай тилим бир аз буула түштү.

—Ападан айлангыр…

Кайненемдин калчылдай баштаганын көргөндө жүрөк оорусу кармап калбасын деп иштин жайын тезирээк түшүндүрмөй болдум:

—Апа мен баарыңарды жакшы көрөмүн. Чындыгында көптөн бери чогула албай жүрбөдүк беле. Адалатты тамашалап койсом, ал айтканымды чын көрүп…

Эмесе иштин жайы мындай. Силер бизге багып бергиле деп берген уйдун сүзөнөөк экендигин анан сүтү байып бараткандыгын баарыңар эле билсеңиздер керек. Чынбы, ыя?-деп бажаларымды бир сыйра карасам менден кийинкиси кыткылыктап:

—Ай жезде! Артисттигиңиз эч калбайт экен го,-деди менин тамашамды сезип жаткансып.

—Ой айланайын, уланта берчи калганын,-деп кайненемдин шаштысы кете баштады.

—Ошол уй балдарды күнүгө сүзүп бизди кыжаалат кылып жатат. Ал карыганы аз келгенсип  сүт да чыкпай калды. Сүттү болсо  күнүгө кошуна түрктөрдөн сатып алып жатабыз. Эгер силер туура көрсөңөр уйду бир жумадан кийин базарга сатып, анын ордуна сүттүү, мүйүзү жок токол кунаажын алып койсокпу деп ойлоп жаттым эле. Буга кандай дейсиңер?-деп айтып оозумду жыйгыча эле кайындарымдын баары хор менен каткырып жиберишти. Ошондо гана аялым өзүнө келди окшойт. Кайненем гана тамашаны башында түшүнбөй мага катуу айтып алганы үчүн  өзүн бир аз ыңгайсыз сезип калса керек. Бир чекитти тиктеп ойлонгондой түр көрсөтүп акыры чыдабай ал дагы бырс күлүп жиберди. Ошол күнү кайындарымды жакшылап коноктоп узатып жибердим. Жаңы жылды буюрса биздин үйдөн тосмой болдук. Ал эми жанагы “токолду” буюрса сөзсүз алганы жатам. Сөзсүз…

Нурсултан ШАЙДИНОВ