Чагылган: Калича Умралиева деген дагы бир бейөкмөтчү бар. Бул айым да Кыргызстандын анча-мынча кызыкчылыгын уруп ойнобойт окшобойбу. Анан калса, ата-бабадан келаткан  кадаа-салттарды каратып туруп,  бок баскан, чок баскан кадамдарын тебелеп салуудан кайра тартпасы көрүнүп эле калды. Себеби, бул жашы жогорулап калган айым кечээ күнү уялбай туруп, Кыргызстандагы сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу керек деген сунуш менен чыгып, элдин оозун ачырды. Акыл-эси ордунда, дени-карды соо беле. Ушундай мыйзам биздин элибиздин менталитетине, каада-салтына туура келеби? Жок жана жок. Миң жолу жок. Калича айым сойкуларга мынча эмне жан тартып калды. Же аны сойкулар, мыйзамдуу иштеген АКШ, Европадагылар “жалдап” өздөрүнүн , ушундай сасык, жерге түкүртө турган саясатын бизге таңуулатып жатабы? Кайсы бети, кайсы абийири менен ушул сунушту уялбай айтып чыкты десең. Укук коргоочу, бей өкмөтчү дегендер  улуттук баалуулуктарга ушинтип  ачыктан-ачык сокку уруп жатышканы жакшы эмес. Андыктан, булардын тизгинин тартып, ордуна коюу мезгилдин да, элдин да талабы болуп турат. Өкмөт, президентибиз каякты карап олтурат? Кыскасы, мындай бузукулук сунуштар менен чыккандар аман эле болсун. Улутка душмандык кылгандарга катуу чара көрүү зарыл.  Эгер ошол укук коргоочулардын өздөрүнүн кыздары сойку болуп, ачык иштей албай жатышса, анда ошого жанталаша беришсин.