Чубак ажынын экинчи аял алганы коомчулукта өзүнчө эле “бомба” болуп жарылгандай эле болду. Токол маселесин жактагандар жана каршы болгондор эки жаат болуп, бири-бирине акаарат келтиргенге чейин барышты. Алгач Америкадан “ жем” жеген Абдырасулова баштаган укук коргоо органдары арыз жазды эле аны коштоп, ЖКнын бир катар айым депутаттары да ызылдап чыгышты. Ошону менен милиция Чубак ажыны дарылоо үчүн Казакстанга өткөрбөй, андан кийин Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алып келип, эки күн бир нече сааттап суракка алышты. Акырында ажыкени мажбурлап: “Экинчи аял алган жокмун. Биринчи аялым менен расмий жашайм” деп айттырып, ажылдагандарга жооп алып бергендей кылышат. Бирок Чубак ажы да оңой эмес, Кудай алдында таптакыр калп айтуудан коркуп, экинчи аялын “сүйүктүүм” деп айтты. Ошону менен азырынча ажылдагандарга жооп болду. Негизи, экинчи аялга тыюу салуу Кудайга, Ислам динге каршы чыгуу эмей эмне? Анткени, Ислам дининде кудурети жеткен адамга эки эмес 4 аялга чейин алууга уруксат эмеспи. Диндеги бул шариятты каякка катасыңар, же биз мусулман эмес, еврей, буддист, же христианин белек? Көздү ачып, ойлонбойлубу, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай. Анын үстүнө кыргыз кыздарбыздын бир тобу корейлерге, түрктөргө, кытайларга ар кандай жол менен тийип алышып, көбү кордолуп, зордолуп жатышат. Андыктан эки аял алуу боюнча тыюу салынган мыйзамды жокко чыгарып салууга мезгил жетти.