Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак Жалиловду бүгүн дагы суракка чакырганын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттыкка» кабарлаган. Ал

 Чубак Жалиловго чакыруу Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Октябрь Макенбаевдин атынан келген. Алар Жалиловду буга чейинки экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу чакырышкан. Тергөөчүлөр экс-муфтийден “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат. Токталиев кечээ күнү Чубак ажыны 6 саат суракка алганын айтып чыккан-деп айтып берген.

Кыскасы, Чубак ажынын экинчи аял алганы көп адамдардын тынч уйкусун  бузду. Жогорку Кеңештин бир катар айым депутаттары ызылдашты эле, укук коргоо органдары чуулдап эле жатып калышты. Айтор, милиция ЖК депутаттарынын  тапшырмасын так аткарып жатышкандай. Андай болсо калыстык кылып, Чубак ажыдан башка эчак эле экинчи, үчүнчү аял алышкан баардык чиновниткерди, чириген байларды, такыба кишилерден Өзүбек ажы Чотонов, Турсунбай Бакир уулу баштаган адамдарды да суракка алышсын. Бул эми динге каршы чыккандык. Мыйзам деген бул убактылуу нерсе. Ал эч качан динден, диндин шарияттарынан жогору турбайт. Андыктан мыйзамга такай бербей, Кудайдан да корккула!