СССРдин жана Укриананын гимнастика боюнча мурунку спортчусу, Олимпиаданын 2 жолку  (1992-жылы Барселонандан өткөн Олимпиададан 2 алтын уткан) чемпиону Татыяна Гуцу  мындан 26 жыл илгери Германиянын Штутгарте шаарында  дүйнөлүк мелдеште СССРдин жана Белорусиянын мурунку спортчусу, гимнаст,  Виталий Щербо  күчкө салып зордуктап койгонун жар салды. Таня ал кезде 15, Виталий 19 жашта болгон. Бул зордуктоо боюнча гиманстика боюнча курама команданын спортчулары Татьяна Тропова менен Рустам Шариповдор жакшы билгендигин, алар сактап калууга жардам бербегендигин айтып, буларды кошумчалаган:

“Виталий Щербо – монстр. Мен анын айынан өзүмдүн ички коркунучумда көп жыл бою тутукун болуп жашадым.  Мен билем, сен өзүңдү коргоого аракет кыласың. Мен азыр күчтүүмүн. Сен мени келекелей албайсың.”

Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок спортчунун азыр бул иш боюнча сотко берерин же бербесин жана ушул убакка чейин эмнеге жашырып жүргөнүн айткан эмес. Ал эми Щербо да бул маселе боюнча жооп кайтара элек.