Кесерова менен кандай аял төрөйт?

Кесарево эне баласын өзү төрөй албай калган учурда гана колдонулушу керек. Ага бир канча оорулар түрткү берет. Мисалы, эненин жашы өтүп баратканда (40 жаштан ары), түйүлдүк адаттагыдан чоң болгондо, жатында кандайдыр бир оорулар пайда болгондо, эненин бөйрөк, жүрөк оорулары болгон учурда, балага кислород жетпей калганда, бала буту менен келген маалда, гестоз болгондо, эненин жамбаш сөөгүкууш болсо даргер операция кылууну сунуштайт. Жөн гана төрөттөн коркуп же ушул оңой жолу экен деп жасатуу туура эмес.

Кесеровонун пайдасы

Эгерде ден-соолугуңуздун же түйүлдүктүн абалы жакшы эмес болсо, көзөмөлдөп жаткан дарыгериңиз пландуу түрдө кесарево жасатуу керек десе, демек ага психологиялык жактан өзүңүздү даярдашыңыз керек. Анткени эне капысынан кабыл алынан чечимден улам кыйналып, коркуп калып кийинки төрөткө да терс таасирин бериши мүмкүн.

1.Бирден бир пайдалуу жагы –кесарево эне менен баланын өмүрүнүн коопсуздугуна көп коркунуч келтирбейт.

2.Төрөт учурунда жыныстык органдар айрылып кетүү коркунучуна учурабайт.

3.Көп убакытка созулган толгоону күтпөй, бала сиз каалаган күнүжарыкка келет.

Табигый төрөткө жетпес…

Кесарево менен төрөгөн аялдарга караганда табигый жол менен төрөгөн аялдардын организми тез калыбына келет. Үй тиричилигин кадимкидей жасай алат. Психологиялык жактан тез калыбына келет, депрессияга аз чалдыгышат. Операция үчүн акча төлөнбөйт. Бул финансылык жактан да пайдалуу. Төрөтканадан тез чыгып кетүүмүмкүнчүлүгү бар. Кийин канча, кандай учурда кааласа төрөй алат. Операциядан улам организм алсызданып, инфекцияга туруксуз болуп калуу коркунучу табигый төрөгөн аялдарда аз. Чыгып калган ичти кайра киргизүүүчүн көнүгүүлөрдүжасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Операция менен төрөгөн аялдарга жарым жылдай ичине күч келтирүүгө болбойт.

 

 Курсакты кескенден Кудай сактасын!

  1. Эне тогуз ай бою баланы күтөт. Мурун наркоз кан тамыр аркылуу берилип баласын эсине келгенде көрсө, учурда жүлүн аркылуу берилген наркоздон улам өзүн жоготпойт. Баланын жарыкка келгенин эне туйганы менен төрөттү өзү жыйынтыктай албай калгандай кыжалат сезим болот. Кээ бир энелер бала менен тыгыз байланышын жоготуп коёт.
  2. Табигый төрөт менен төрөгөн аял 2-3 сааттын ичинде баласын колуна алып өзүбага ала тургандай мүмкүнчүлүккө ээ болсо, кесарево жолу менен төрөгөн аялдар баласын өздөрүкарай албай калышат. Аларга 2-3 күндөн кийин гана өз алдынча басканга уруксат берилет.
  3. Операциядан кийин организм көптө калыбына келет. Кесилген жерди карап, тазалап, таңып туруу машакаты бар.
  4. Кесилген жерде (карында) тырык калып, кийин жай мезгилинде ачык кийим (мисалы, купальник) кийгенге тоскоол болот.
  5. Операция наркоз аркылуу болгондуктан жалпы организмге терс таасир берет. Ачуулуу болуп, төрөттөн кийинки депрессияга көп кабылышат. 2-3 айга чейин баш айлануу, алсыздык коштойт.
  6. Операция жолу менен төрөсөңүз, кийинки балдарды да ошол жол менен төрөгөнгө туура келет. Учурда кийинкилерин табигый жол менен да төргөндөр бар, бирок чанда гана.
  7. Мурун үч жолу гана кесарево жасалганга уруксат берилсе, учурда аялдын абалына карата андан көп жолу да төрөөгө уруксат берилүүдө. Бирок тигилген жерлер айрылып кетпеши үчүн төрөттүн ортолору 3-4 жыл болгону туура. Азыр тез эле кайра боюнда болуп калгандар болууда, бирок бул эне жана бала үчүн өтө кооптуу кадам экенин эскерте кетмекчибиз. Медцинада операция жолу менен төрөгөндө жок дегене 3 жыл сактануу керек деген пикирди карманабыз.

Наристе үчүн:

Операция аркылуу жарык дүйнөгө келген наристе менен табигый жол менен жарык дүйнөгө келген наристенин көп деле айырмасы болбойт деген пикир бар. Бирок анын карама каршысындагы пикирлер да кездешет. Изилдөөлөргө таянып акушер-гинекологдор «операция жолу менен жарык дүйнөгө келген балдарда баш сөөк алдындагы кан басым көп кездешет» деп айтышат. Андан тышкары бала жатын моюнчасынан өзү аракет кылып чыкпагандыктан, иммунитети алсыз болуп калышы күтүлөт. Бирок бул медицинада так далилдене элек.

https://www.youtube.com/watch?v=DvfF3L3qf_M

Төрөттөн кийин калыбына келүү оңой эмес

Кесарево болгон аялдар төрөттөн кийин оор нерсе көтөрбөшү керек. Табигый төрөт менен төрөгөн аялдар көп учурда «ичим кирбей калат» деген ой менен таңып алышат. Мындай таптакыр болбойт. Бул жатындын, жалпы эле организмдин калыбына келишин кечеңдетет. Жок дегенде 1-2 жумадан кийин байласаңыз болот. Операция болгондор таптакыр таңбашы керек. Төрөттөн кийин өзүн карап,  суук  тийбегендей болушу кажет. Анткени организм алсызданып турган учурда суук тийсе, өмүр бою оору калып калат. Эң негизгиси колу-бутту, белди жылуулоо зарыл.

Кирди да жылуу суу менен чайкаган жакшы. Өздүк гигиенаны кармануу керек. Кан келип жаткан учрда жыныстык органды тез-тез жууп туруу абзел. Ал ар кандай инфекциядан сактайт. Маргацовка жана ар түрдүү дары чөптөр менен жууп турса болот. Түгөйү менен жыныстык катнашка шашылбашы керек. 40 күн өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Бул учурда жатын, айрылып кеткен жыныстык органдар өз калыбына келет. Ошондо да сексуалдык жашоого акырындап келген жакшы.

Автор: Төлөбүбү Касмалиева