Редакциядан: Бизде эмне көп? Кайсыл  тарапты карабайлы, кылмыштуу, мыйзамдуу иштер көп. Өзгөчө жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу иштеринен баш айланат. Төмөндөгү макала дал ушул жер чатагына байланыштуу. Жабыр тартуучу катары редакцияга баш баккан Мамбетова Сардагүл айымдын арыз-муңун уктук. Эгер бул айым күнөөлөп жаткан экинчи тарап дагы өз чындыктарын айтабыз дешсе, алардын да үнүн коомчулукка жеткиребиз.

-Мен Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында төрөлгөм. Биз Ак-Ордо конушунда турабыз. Өзүм улуттук университетти бүткөн соң, орто мектептерде иштедим. 2004-жылдан бери өзүм бүткөн окуу жайда мугалим болуп эмгектенип келатам. Жолдошум экөөбүздүн төрт балабыз бар. 2011-жылы  балдарга жер алалы деген максат менен, кагаздарды даярдап, аракет кылып жүргөн учурда Мамлекеттик каттоо кызматында иштейм деп Бакашов Тилек   Кемелович деген жер сатуу боюнча кайрылып калды.  Ага биз 5 миң доллар берип,  Ак-Ордо жаңы конушунан №44-кварталынан 2 жер тилкесин алганбыз. Бул адам Улуттук китепкананын директору Бакашова Жылдыздын бир тууган иниси. Ал киши жеке мен эле эмес, ошол жерден 10дой адамга жер тилкелерин бөлүп берген. Бизге жердин чечими боюнча №260-токтомун берген болчу. Бирок ал чечим жарабай калды дегенден улам, ал жерден Жумагазиева Эркин деген аял Жумабаева Айнагүл башка бир токтом берет дегенинен баарыбыз ага макул болуп, 44 миң сомдон чогултуп бергенбиз. Айнагүл менен Динара Мамытбекова мени чакырып, №282-токтомду колума берген. Ал токтомду  текшертип көрсөк, жалган, жасалма токтом болуп чыкты. Ошентип, ошондон бери 10 киши Жумабаева Айнагүлгө чогултуп берген 44 миң сомубузду ала албай жүрөбүз.

https://www.youtube.com/watch?v=Nn-nBVPNo3A

— Ошондо сиздер акчаны Айнагүл Жумабаева менен Эркин Абдыгазиевадан да доолап жатасыздар да…

-Ал аял  биз менен кошо эле жерге чуркап, жер алып жүргөн. Бирок 2012-жылдан бери мага каршы чыгып, каршы көрсөтмө берип, Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде бизди тергөөчү Алик Шеркулов кабыл алган. Мен дагы  Айнагүлдүн үстүнөн  10 кишинин ар биринен 44 миң сомун бербей алып жүрөт деп арыз менен кайрылгам. Эки арызды бир карайбыз деп ошол эле тергөөчү айткан. Бирок көп өтпөй мени сотко чакырып калды. Тергөөчү Шеркулов мени катыштырбай эле, менин жактоочум болбосо да Абдыралиев  Доктурбек дегенге ишти толук тааныштырып, башынан аягына чейин кол койдуруп, ишти сотко өткөрүп коюптур. Мен ал жактоочунун үстүнөн Адилет министрлигине кайрылып, аны лицензиясынан ажыраттык.  Бул иштин материалында Абдыгазиева Эркин менен кызы экөө ошол кездеги Башкы прокурор: “Аида Салянова биздин келинибиз болот, ошонун жер тилкеси ” –деп Ак –Ордодон Камчыбекова Бурулканга  жер сатуу боюнча тил катты 88 миң сомго жазышып, ал эми жер тилкесин 5 миң долларга баалашып сатышкан. Эркин, кызы, күйөө баласы Замир үчөө өздөрүнүн машинасына Камчыбекованы салып барып, ал жер тилкесин көрсөтүп да беришкен. Ошол эле жерден үчөө Анарбаева Гүлнизага дагы жер тилкесин көрсөтүп, 3 миң доллар алып, тил кат жазып берип, дагы жер тилкесин жазышкан.

Андан кийин Абдыгазиева Айзатка  (бир тууганы) да жер тилкесин саткан. Мына ушуга карабастан, тергөөчү Шеркулов Абдыгазиевадан жер алышкан адамдардын үстүнөн менин атыма арыз жаздырып, кол койдуруп алышкан. Териштирүүнүн натыйжасында бул иш Ленин райондук прокуратурасына кайрадан каралууга жиберилген. Бирок  ошондон бери, ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыккан жок. Абдыгазиева Эркин менин колума окшоштуруп жазылган 191 миң сом, 3700 доллар деген экспертке көчүрмөсүн жасатып алган. Ал кылмыштуу мындай ишти, ар кандай амал менен граждандык ишке айландырып алып жүрөт. Ошентип, Абдыгазиева өзүнүн тааныш-билиш соттору аркылуу менден 191 миң сом, 3700 доллар өндүрүүгө аракет кылууда.  Дагы баса белгилеп айтайын, Абдыгазиева Эркин Салянованын түздөн-түз жеңеси. Күйөөсүнүн бир тууганынын аялы. Салянова Башкы прокурор болуп турганда ушундай кылмыштуу иш болду. Мен ошол учурда Саляновага арыз менен кайрылгам, бирок ал мени кабыл албай, Абдыгазиеваны кабыл алган. Мени болсо орун басары кабыл алган. Абдыгазиева жердин баарын сатып коюп, кайра тааныштарынын күчтүүлүгүнөн улам мени күнөөлүү кылып  коюшту.  Салянованын жеңеси аркылуу да, силердин жеңеңер ушундай иштерди жасап жатат деп, материалдарды көрсөткөм бирок, андан деле жыйынтык чыккан жок.  Салянова кызматта турганда жеңесине түздөн-түз болбосо да, кыйыр түрдө жардам кылган. Анткени, тергөөчү, өзүн-өзү билип, кылмыштуу ишти каалагандай өзгөрткөн Алик Шеркуловдун башы жетөөбү?

Бакашов Тилекчи дагы күнөөлүбү?

— Ал адам да бир нече адамдарга  жер сатып, акчаларын алып, алдап жүрөт. Ага да нааразы болгон адамдар көп. Ал учурунда милицияда, анан Мамлекеттик каттоодо иштеген. Тилектин жездеси да прокуратурада иштейт экен. Мен бул иш боюнча Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага кайрылгам. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок.