Бүгүн ЖК жыйынында “Ата Мекенчи” депутат Наталья Никитенко Кыргызстан дүйнөдөгү 50 жакыр мамлекеттин катарына киргенин кабатырланып айтып чыкса, КСДПчы депутат Мурадыл Мадаминов деген анын пикирин четке кагып, “элди аралагыла, эл жыргап жатат, мына 20 жылдан бери каралбаган Баткенде жолдор оңдолуп заңгырап, гүлдөп жатат”- деген мааниде “балп” этти. Гүлдөсүн, бир гана бардык аймактар, борбор шаарыбыздын жолдоруна бомба түшкөнсүбөй ал да оңолсун дейли. Бирок эл байыса өзү байып жатат, туурабы? Мамлекетибиз байыса жакшы болот эле го…

Ал эми Баткендин гүлдөп жатканы Президентке абдан таасирдүү, уламышка айланган “шопур” Икрамжан Илмияновдун зор эмгеги эмеспи. Муну сиз  да жакшы билесиз, урматтуу депутат Ганиевич, бирок ачык айта албайсыз. Ага “духуңуз” жетпейт. Чынбы?

Чынында, акыркы жылдары Баткенге “аккан” бюджеттеги каражаттын көлөмү көбөйүп, ал жакта жакшы иштер жасалып, оңолуп жатканы тууралуу жаңылыктар көп.  Бул тууралуу элге ачыкка чыга элек, далай  кеп сөздөр бар. Алардын айрым ачыкка чыкпагандары, азыр болбосо да,  кийин айтылат деңизчи.